Орус армиясы Херсонго 56 жолу сокку урду

Орус армиясынын аткылоосунун кесепети. Херсон шаары. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын армиясы 27-ноябрга караган түнү Украинанын түштүгүндөгү Херсон жана Днепропетровск облустарын бутага алды. Соңку 24 сааттын ичинде орус армиясы Херсонду 56 жолу аткылап, бир карапайым тургун жараат алганын аймак башчысы Александр Прокудин Телеграм аркылуу билдирди.

Днепропетровск облусундагы Никополь шаары жана анын айлана-тегереги дагы жапырт аткылоого кабылганын аймактын губернатору Сергей Лысак кабарлады.

Херсон шаары былтыр күзүндө бошотулгандан бери Днепр дарыясынын сол жээгиндеги орус армиясынын аткылоосуна дээрлик күн сайын дуушар болуп келет.

23-ноябрда орус армиясы Чернобаевка айылын кассеталык снаряддар менен аткылап, кеминде үч жай тургун набыт болгон. Бир нече адам жараат алган. Ички иштер министри Игорь Клименко билдиргендей, Чернобаевкадагы аткылоодон 60тан ашуун турак жай жабыркаган.

Дагы караңыз

Судья алмашкандыктан Kloop порталынын соту жылдыТамекиге каршы мыйзамды бузган жайларга дээрлик миллион сомдук айыппул салындыЦАХАЛдын чабуулунан сегиз палестиналык набыт болгону кабарланды