Шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты

Бишкек шаарынын Ленин шайлоо округунан депутат тандоо. 2023-жылдын 28-майы.

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков демилгелеп алып чыккан мыйзам долбооруна ылайык шайлоо учурундагы үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу сунушталууда.

Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду, анда президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталган.

Азыркы мыйзам президенттикке талапкер жана анын саясий партиясы 10 миңге чейин үгүтчү жалдоого, ал эми бир мандаттуу округдардан ат салышкан талапкерлер беш жүзгө чейин үгүтчү колдоно алат.

Мамасадыков саясий партиялардын үгүтчүлөрүнүн санын 5 миңге азайтып, бир мандаттуу округдан чыккан талапкер жүзгө чейин гана үгүтчү алганы туура деп эсептейт. Анын пикиринде, сунуш талапкерлердин каржысын үнөмдөө максатын көздөйт.

Замирбек Мамасадыков - "Ыйман нуру" фракциясынын мүчөсү. Мындан мурда аталган фракциянын лидери Нуржигит Кадырбеков "Азаттыкка" берген интервьюсунда айрым чөнтөгү калың талапкерлер эсепсиз үгүтчүлөрдүн кызматы аркылуу шайлоочуларды мыйзам чегинде сатып алууда деген пикирин айткан.

Ал 2020-жылдын октябрындагы жана андан кийинки шайлоо маалындагы көрүнүштөрдү мисал келтирген.

Дагы караңыз

Шакен Мамбетаипова. Дүйнө кезген "Төөчөн кыз" Газа: ХАМАС 17 кишини барымтадан бошотту"Мечиттер жабылып, бузулууда". Бээжиндин исламды "кытайлаштыруу" саясаты