Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:36

Газа: ХАМАС 17 кишини барымтадан бошотту


ХАМАСтын барымтасынан кийинки жолугушуу.
ХАМАСтын барымтасынан кийинки жолугушуу.

Ишемби күнү кечинде АКШ менен Европада террордук деп таанылган ХАМАС куралдуу тобу Израилде мурда барымтага алган 17 кишини эл аралык Кызыл чырым уюмуна өткөрүп берди. Анын ордуна Израил ар кандай кылмыштар үчүн соттолгон 39 палестиналыкты бошотконун маалымдады.

Ишембидеги туткун алмашуу иши буга чейинки төрт күндүк келишимдин экинчи бөлүгү болуп саналат. Бошотулгандардын арасында 13 израилдик жана төрт тайланддык жаран бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, сегиз бала жана беш аял тууралуу сөз болуп жатат, алардын баарын ХАМАС 7-октябрда колго түшүргөн. Буга чейинки маалыматтарда боштондукка 14 израилдик чыгары айтылып жаткан.

"Гаарец" гезитинин жазганына караганда, алмашылган туткундардын арасында палестиндер тарабынан терракт жасоого шек саналып 2015-жылы кармалган Исрааа Жабис да бар. Аны Иордан дарыясынын батыш жээгинде полиция токтоткондо автоунаасындагы газ баллону жарылган. 31 жаштагы палестиналык ал аял дагы, аны токтоткон израилдик полиция кызматкери да оор жаракат алган. Исраа Жабистин машинасындагы газ баллон атайын жардырылганбы же бузулуп калып жарылып кеткенби - азырынча бир жактуу маалымат жок.

Бул жолку барымтадагыларды алмашуу түш ченде жүрөт делген болчу, бирок, ал түнкү он бирлерде ишке ашты. Сүйлөшүүлөргө Катар менен Египеттен тышкары, АКШнын президенти Жо Байден кошулганы белгилүү болду, бул тууралуу Ак үйдөн маалымдашты.

ХАМАС жалпысынан 240тай адамды барымтага алган. Алардын айрымдарын бошотуу аракети жума күнү эртең менен башталган Газа тилкесинде ок атуу токтоп, тынчтык режими киргизилгенден кийин ишке аша баштады. ХАМАС төрт күндүн ичинде 7-октябрда Израилдин түштүгүндө барымтага алынгандардын ичинен 50 адамды бошотууга убада берген. Израил өз кезегинде камакта жаткан 150 палестиналыкты, аялдар менен жашы жете электерди өткөрүп бермей болгон.

Бир катар мамлекеттер жана БУУ баштаган айрым эл аралык уюмдар Израилди Газа тилкесиндеги жайкын адамдарды, анын ичинде аялдар менен балдарды аябай, катаал согуштук иш-чараларды жүргүзгөнү үчүн сынга алышкан.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилге кол салып, 1200 кишинин өмүрү кыйылган.

Ушундан кийин жөөт аскерлери Газа тилкесине сокку ура баштап, алардын адегенде абадан, андан кийин жердеги чабуулдарынан өлгөндөрдүн саны 13 миңден ашты. Алардын 6 миңге чукулу балдар, 3,5 миңдейи аялдар. ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын бийлиги берген бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG