Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:25

"Мечиттер жабылып, бузулууда". Бээжиндин исламды "кытайлаштыруу" саясаты


Үрүмчү. Мечит мунарасынын калдыгы. 2021- жыл.
Үрүмчү. Мечит мунарасынын калдыгы. 2021- жыл.

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) укук коргоо уюму Кытай бийлиги соңку бир канча жылдан бери эки провинцияда жүздөгөн мечиттерди жаап, бузуп же башка максаттар үчүн өзгөртүп жатканын билдирди.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун жаңы баяндамасында Бээжин бул кадамга ислам дининин жайылышына жол бербөө үчүн барып жатканы айтылат.

Кытай бийлиги баяндама боюнча комментарий бере элек.

Mечиттердин мунаралары буздурулган

"Хьюман Райтс Уотч" 22-ноябрда жарыялаган көлөмдүү докладында Кытайдын кеминде эки аймагында соңку бир канча жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан "мечиттерди консолидациялоо" деп аталган саясаты дин тутуу эркиндигин бузарын белгиледи.

Уюм топтогон расмий документтерге, күбөлөрдүн билдирүүлөрүнө жана спутниктен алынган сүрөттөргө ылайык, Кытайдын түндүк-батышындагы Ганьсу провинциясында жана исламдын суннит багытын карманган дээрлик 10 миллиондой "хуэй" (дунган) улутундагы мусулмандар жашаган Нинся аймагында жүздөгөн мечиттер жабылган, сүрдүрүлгөн же башка максаттарда пайдаланууга берилген.

Баяндамага караганда, мусулмандардын диний жайларынын архитектуралык өзгөчөлүктөрү да жок кылынган. Маселен, мечиттердин мунаралары буздурулган учурлар болгон.

Баяндамада изилдөөчүлөр Дэвид Строуп жана Ханна Тикер 2020-жылдан бери Нинсяда 1300гө жакын мечит жабылганын, бул жалпы сандын үчтөн бир бөлүгүн гана түзөрүн белгилешет. Бул санга "расмий эмес" деген жүйөдөн улам жабылган же бузулган мечиттер кирбейт. Алардын көпчүлүгү 2020-жылга чейин өзгөрүүгө дуушар болгон.

Ал эми Гуанхе аймагында 2020-жылы 12 мечиттин каттоосу жокко чыгарылган. Беш мечит жабылган жана дагы беш мечит калыбына келтирилип, бириктирилген.

Нинся шаарындагы мечиттин имамы "Эркин Азия" радиосуна маек куруп, мечиттерди бириктирүү саясаты "бири-биринен 2,5 чакырым аралыкта жайгашкан бардык мечиттерди кошуу керек" дегенди түшүндүрөрүн айтат.

"Мечиттер жабылганда, көптөгөн жаштар жана карылар мечиттерге барбай, диний иш-чараларга катыша албай калышат. Кийинки муундар бара-бара ислам динине ишенбейт. Ошентип, мусулмандар акырындык менен азайып баратат", - дейт имам.

Динди "кытайлаштыруу" демилгеси

Ал эми укук коргоочулар Кытайда мусулмандардын ибадатканаларынын жабылышын ислам динин чектөө аракети деп сыпатташат.

Алсак, "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун соңку докладында айтылгандай, "мечиттерди консолидациялоо" тууралуу биринчи жолу 2018-жылы Коммунисттик партиянын документинде кеп болгон. Исламды "кытайлаштыруу” стратегиясынын алкагында мамлекеттик органдарга мусулмандардын диний жайларын курууну, реконструкциялоону жана кеңейтүүнү кабыл алынган стандарттарга ылайык жүргүзүү тапшырмасы берилген. Андай башкаруу жаңы мечиттер салынбашы керек, түрттүрүлгөн мечиттер курулгандарга караганда көбүрөөк болууга тийиш деген принципке таянат.

Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин сүрөтү. Шинжаң. 21-март, 2021-жыл.
Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин сүрөтү. Шинжаң. 21-март, 2021-жыл.

Динди "кытайлаштыруу" тууралуу быйыл августтун этегинде Кытайдын лидери Си Цзиньпин Шинжаңга барганда сөз кылган. Ага удаа эле "Хьюман Райтс Вотч" уюму билдирүү таратып, Бээжиндин саясатын “адамзатка каршы кылмышка теңеп”, мусулмандардын укуктарын тебелеп жатканын кайра эске салган.

Буга чейин "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Азия программасынын директору, Шинжаң боюнча адис Майя Ванг "Азаттыкка" берген маегинде Кытайдагы мечиттердин абалы тууралуу коңгуроо каккан.

"Мында дин саясатын Компартия тыкыр көзөмөлгө алат. Демек, дин туткандардын үстүнөн көзөмөл Бээжин бекиткен жаңы эрежелер менен ого бетер күчөйт. Кытай бийлиги аймакта көптөгөн мечиттерди жок кылган, бул иш азыр дагы уланууда", - дейт Ванг.

Ал эми "мечиттерди консолидациялоо же бириктирүү"” саясаты Нинся жана Ганьсу провинциялары менен гана чектелбейт. Австралиянын стратегиялык саясат институтунун (Australian Strategic Policy Institute) докладында 2017-жылдан бери Шинжаңдагы 16 миң мечиттин дээрлик 65% талкаланганы же бузулганы белгиленет.

Каршы чыккан мусулмандар камалган

"Хьюман Райтс Уотч" жазгандай, быйыл май айында Кытайдын түштүк-батышындагы Юннан провинциясындагы "хуэй" (дунган) мусулмандары жергиликтүү мечиттин бөлүктөрүн бузуу аракетине каршы чыгышкан. Жүздөгөн полиция кызматкерлери демонстранттар менен кагылышкан. Калаба дароо күч менен токтотулуп, "козголоңчу" делген 30 адам камакка алынган.

Кытайда мусулмандарга каршы кысымдан качып Казакстан, Кыргызстан, Түркия сыяктуу өлкөлөргө чыгып кеткен шиңжаңдыктар дагы деле ал жакта камакта жаткан туугандарын издеп келишет. Алар Кытайдан чыга албай калган туугандары кысымга алынып, айрымдары лагерлерде жылдап камакта жатканын, алардан кабар алуу мүмкүн эмес экенин айтышат.

Шинжаң аймагындагы Кашкар шаарынын башкы аянтында күзөттө турган полиция кызматкерлери. 2023-жылы 15-июлда тартылган сүрөт.
Шинжаң аймагындагы Кашкар шаарынын башкы аянтында күзөттө турган полиция кызматкерлери. 2023-жылы 15-июлда тартылган сүрөт.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагы жүз миңдеген мусулман "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери утур-утур айтылып келет.

Андай маалыматтар иликтөөлөргө, күбөлөрдүн айтып бергендерине негизделгени менен, Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, андай лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп атайт.

Бээжин айтылган лагерлердин көбү жабылганын билдирсе да, эл аралык уюмдардын баяндамаларында дагы эле күмөндүү айыптар менен жүз миңдеген адамдар камалып турганы белгиленип келет.

Кытай өкмөтү "Хьюман Райтс Уотчтун" мечиттер тууралуу соңку баяндамасы боюнча комментарий бере элек.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG