Тасмагамбетов Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси чечилип жатканын белгиледи

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны. Минкс. 23-ноябрь, 2023-жыл.

Жамааттык коопсуздук келишим уюумунун (ЖККУ) баш катчысы Имангали Тасмагамбетов уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин жакынкы аралыкта чечерине ишенерин белгиледи. Тасмагамбетов бул тууралуу 23-ноябрда журналисттерге айтканын ТАСС жазды.

"Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөр жакшы жакка өнүккөнүн белгилеп, маселе жакын арада чечилерине ишеничин билдиришти, - деген баш катчы ошондой эле кыргыз-тажик чек ара маселесинин жөнгө салынышы - жалпы аймак үчүн жакшы, маанилүү фактор экенин белгиледи. Эки өлкөнүн лидерлери чек ара маселесин саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнү билдиришти. Эки тараптан өкмөттүк комиссиялар түзүлүп, талаштуу тилкелер боюнча маселени улам жолугушуу жолу менен чечип жатышат. Менин оюмча, жакынкы убакытта биз бул маселенин жакшы жакка жылганына күбө болобуз", -деди Тасмагамбетов.

ЖККУ баш катчысынын бул маалыматы боюнча азырынча Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин администрациялары үн ката элек.

23-ноябрда, Минск шаарында ЖККУнун Коопсуздук Кеңешсинин сессиясы өттү. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары катышты. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келген жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 980 чакырым. Анын 300 чакырымдайы тактала элек. Эки өлкөнун ортосунда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр 2002-жылдан бери жүрү келет.

Чек ара толук такталып бүтө элек болгондуктан, буга чейин эки өлкө ортосунда түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган кандуу окуялар катталган.(ZKo)

Дагы караңыз

"Колу ириңдеп кеткен". Азаматтын өлүмү, медиктердин жоопкерчилиги"Заара чыкпай канга аралашат". Байкатпай жыккан бөйрөк оорусуГаза: Согушту токтотуу жараяны жумага жылдыБашкы прокуратура "Кумтөргө" байланыштуу козголгон иштер боюнча маалымат бердиЖККУ: Армениянын таарынычы, абадан коргонуу, Газадагы абал