Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:21

"Колу ириңдеп кеткен". Азаматтын өлүмү, медиктердин жоопкерчилиги


Азамат Асанкожоев аялы Мунара Каныбекова менен. Жубайлар 15 жыл бирге түтүн булаткан.
Азамат Асанкожоев аялы Мунара Каныбекова менен. Жубайлар 15 жыл бирге түтүн булаткан.

Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон 38 жаштагы бейтаптын өлүмүнө байланыштуу териштирүү бүткөнчө бөлүм башчы жана бөлүмдүн дарыгери кызматынан четтетилди.

7-ноябрда столдон кулап, колу сынган Азамат Асанкожоев ооруканага кайрылган. Көп өтпөй ага операция жасалып, колу кесилген. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө дарыгерлерди айыптап, прокуратурага да кайрылды.

Оорукана жетекчилиги бейтапка бардык керектүү жардамды көрсөтүүгө аракет болгонун айтышууда. Адистер бейтап компартмент синдромунан жабыркаганы үчүн өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбогонун айтышууда.

"Айласы кеткенде морфин сайышкан"

14-ноябрда ооруканада каза болгон 38 жаштагы Азамат Асанкожоевдин кесиби электрик.

Бишкекте жалданма жумуштарда иштеп жүргөн Азамат 7-ноябрда кезектеги чакырууга барып, асма шам илип жатканда үстөлдөн кулап кетип, сол колун билегинен сындырып алган.

Жакындарынын айтымында, Азамат Бишкектин №4 ооруканасына барган. Ал жердеги дарыгерлер анын колун түздөгөнүн, гипс менен убактылуу жүрүп турууга келерин эскертип, үйүнө жиберген.

Бирок Азаматтын колуна салынган гипс кан тамырларды кысып, оорутуп, бейтапты кыйнаган. Кайра ооруканага келгенде дарыгерлер операция жасаларын айтып, күнүн белгилешкен.

Азамат Асанкожоевдин сол колу билегинен сынып, ооруканага 7-ноябрда кайрылган. 14-ноябрда бейтапканадан анын сөөгү чыкты.
Азамат Асанкожоевдин сол колу билегинен сынып, ооруканага 7-ноябрда кайрылган. 14-ноябрда бейтапканадан анын сөөгү чыкты.

Азаматтын кайненеси Гүлбүбү Салиева дарыгерлер мына ушул жерден кайдыгерликке жол бергенин айтууда.

"Эртең операция болосуң дегенде Азаматты дарыгерлер үйгө жиберип, жуунуп-тазаланып келсе болорун айткан. Бирок колу чыдатпай койгонунан жуунбай эле эки саатта ооруканага кайтып келген. Дароо эле колу чыдатпай ооруп атканын айтса, бир адис "сынык деген эми ушундай болот" деп койгон экен, дагы бири "сага операция дүйшөмбүдө жасалат, ага чейин чыда" дептир. Себеби Азаматтын колу сынган күндөрү майрам деп мамлекеттик мекемелердин бары эс алып жаткан, ооруканада нөөмөттөгү адистерден башка жан жок болчу. Жаны чыдатпай ооруганынан медайымдар "Кетонал" берип, такыр болбой койгонунан жандандыруу бөлүмүнөн морфин алдырып, ийне сайып беришкен экен. Демек, алар Азаматтын абалын түшүнүп, билип эле турушкан. Ошентип кыйналып таң атырган. Дүйшөмбүдө догдурлар УЗИ-доплерге түшүп кел дегенинен, өзү рулга отуруп алып адистер жиберген жерге барган, жанында кызым болгон. Колун көрсөтсө эле, гипстин асты кан болуп кетиптир. УЗИ тарткандар дароо гипсти бошотуп карай салса, кан атып кеткен экен. Дароо бейтапканага баргыла деп жөнөтүп, кайра келгиче Азаматтын абалы оорлошуп кеткен".

Азамат Асанкожоевдин аялы Мунара окуяны интернетке жазып, коомчулуктан акыйкат издеген.
Азамат Асанкожоевдин аялы Мунара окуяны интернетке жазып, коомчулуктан акыйкат издеген.

Оорукананын босогосун аттап, дарыгерлер операция жасаган бөлмөгө киргизери менен Азамат Асанкожоев эсинен танган. Бирок адистер Азаматты кайра жандандыруу бөлүмүнө киргизип, колунун манжалары жарабай калганын, аны кесип салуу менен гана өмүрүн сактап калууга мүмкүн экенин жакындарына айтышкан. Көп өтпөй дарыгерлер Асанкожоевдин колун ийининен ылдый ампутация кылууга мажбур болушканын айтып, жакындарынан уруксат сураган. Жанын аман алып калуу үчүн аялы Мунара Каныбекова жана бир тууган эжеси кол коюп берген.

"Ушул окуяга чейин дарыгерлер кан керек, акча керек, дары керек дей беришкен. Ошонун баарын берип атышты. Мен ооруканага келсем, күйөө балам реанимацияда экен, колун кестиришкенин кызым менен эжеси айтты. Дарыгерлердин бири мени күйөө балама киргизди, ал аппаратка туташылып, эсине келбей жаткан экен. Реаниматологдор Азамат бул жерге травматология бөлүмүнөн ушундай абалда келгенин айтты. Травматология бөлүмүнө барып, анын башчысы жана врачы менен сүйлөштүм. Алар "биз кудай деп турабыз, абалы оорлоп баратат" дешти. Жок дегенде жаны аман калсын деп эле тилеп жаттык. Ал арада дагы кан керек деп айтып атышты. 14-ноябрдын кечинде чырактай болгон балам каза болуп калды", - дейт Гүлбүбү Салиев.

Азамат Асанкожоевдин жакындары аны өлүмгө алып келген жагдайга дарыгерлер күнөөлүү деп эсептеп, Башкы прокуратурага 22-ноябрь күнү арыз менен кайрылган. Прокуратура бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

"Бир жума карай албай, анан эки саатка үйүнө барып келсе, ошого шылтоолоп атышат. "Силердин балаңар өзүм билемдик менен үйүнө кетип ушундай болду" дешүүдө. Биз азыр ал дарыгерлер менен сүйлөшмөк турсун көрөйүн деген көзүбүз жок. Алар көңүл да айткан жок, келген да жок. Унчукпай эле калышты. Мен ооруканадан кетип баратып аларга "төрт баласын силерге алып келип берем" деп айтып кеткем. Азыр неберелеримди ким багат? Эч кимиси мойнуна алып, катасын түшүнгүсү келбей турат. Бул жерде тиешелүү жардам болбогонунан улам Азаматымдан айрылып калдым. Ал колу чыдатпай оорутуп атканын улам айтып, улам жардам сураган. Бирок анын үнүн бири да уккан жок. Биз 100% дарыгерлер күнөөлүү деп эсептейбиз. Ошондуктан жазасын алышсын. Мындай адамдар элдин саламаттыгын сактабай, тескерисинче коркунуч келтирет. Бүгүн менин күйөө балам, эртең дагы канча адам алардын шалаакылыгынан улам өлүп же майып болуп калышы керек?".

Асанкожоевдин үй-бүлөсү Саламаттык сактоо министрлигине да арыз жазган. Анын негизинде атайын комиссия түзүлгөнү маалым болду.

Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков бул окуяга байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, ички иликтөө иштери жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдирди. Кубатбеков дарыгерлер жүктөлгөн милдеттемелерин тиешелүү деңгээлде жүргүзүүгө аракет кылганын айтууда:

"Асанкожоев бизге колу сынып түшкөн. Дарыгерлер карап, биринчи жардамды көрсөткөн. Операция болору айтылып, даярдыктар көрүлө баштаган. 11-ноябрда эртең операция болот деген күнү үйүнө дарыгерлердин уруксаты жок кетип калган. Азыр комиссия иштеп жатат, убактылуу деп травматология бөлүмүнүн башчысы жана Асанкожоевди карап жаткан дарыгер иштен четтетилди. Окуяны териштирүү комплекстүү жана ар тараптуу жүрүүдө".

"Азаматтын колу ириңдеп кеткен"

Көз карандысыз медициналык профсоюз уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова окуяга байланыштуу териштирүү жүргүзүлгөнүн, анын жыйынтыгы менен компартмент синдрому коюлганын айтууда. Бул синдромго туш болгондордун 80% ажалга моюн сунат деди адис:

"Бул абдан сейрек кездешүүчү синдром, бирок анын жыйынтыгы адамдын өлүмүнө алып келет. Асанкожоевдин колун сепсис басып, септицемия, септикалык шок болгон. Мындай учурда бейтап каза болуп калат. Асанкожоевдин бүт ички органдары иштебей калган".

Төрт бала атасыз, майып келинчеги камкорчусуз калды

14-ноябрда көз жумган Азамат Асанкожоевдин артында жубайы менен төрт баласы калды. Алардын улуусу 14, кенжеси болгону эки жашта. Ал Караколдогу Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетин аяктап, жогорку билим алган. Анын ата-энеси - пенсия курагындагы адамдар, Балыкчы шаарында турат.

Жубайы Мунара Каныбекованын да эки жогорку билими бар, бирок ден соолугунан улам иштей албай калган. Азамат үй-бүлөнү баккан жалгыз табышкер болгон. Азыр алар жашаган батирдин ээсине ижара акысын төлөө, балдарды окутуу чоң көйгөй болуп турат.

"Эң улуу кызы болгону 8-класста окуйт, андан кийинкиси 5-класс, дагы бир баласы жетиде, эң кенжеси эми гана экиге чыкты. Күйөө балам каза болгондон кийин кызым улам жаман болуп, кыйналып атат. Балдарынын көздөрү муңайыңкы, ыйлап, атасын эстешет. Биз Азаматты өзу туулуп- өскөн Балыкчы шаарында акыркы сапарга узаттык. Куда-кудагыйым да жаман болуп турат. Эми башкы маселе - анын артында калган балдарын жана келинчегин ким багат? Себеби кызымдын талмасы бар, иштей албайт. Жашаганы ижарага алган батири, ага айына 30 миң сомдон төлөшөт. Аз күндө акчасын төлөш керек, андай сумманы кызым таба албайт, биз болсо пенсиядабыз. Үй ээси чыгып кетүүсүн талап кылса, төрт бала менен кайда барат жесир аял? Эмне кылышты билбей турабыз. Жок дегенде артында үйү калды, балдары эптеп өз күнүн көрөр дегидей абалда эмеспиз".

23-ноябрда Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына министр Алымкадыр Бейшеналиев барып, кызматтык иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктарын укту. Анда ал жогоруда айтылган эки дарыгерди жумуштан четтетип туруу керектигин айткан. Атайын түзүлгөн комиссия азыр да иштеп жатат.

Коомдо дарыгерлердин ишине нааразы болгон, жакынынан айрылган кыргызстандыктардын кайрылуусу байма-бай талкууланып келет.

Медицина жаатындагы эксперт Бермет Барыктабасова кыргыз медицинасындагы дарыгерлер жана бейтаптардын ортосундагы чоң ажырымдан улам ушундай окуялар байма бай кайталанып, жарандардын нааразылыгы күчөп жатат деген оюн мындайча түшүндүрдү:

Бермет Барыктабасова
Бермет Барыктабасова

"Кыргыз медицинасындагы эң башкы көйгөй медицинанын жамандыгында эмес. Көйгөй эл менен медиктердин ортосунда коммуникациянын жоктугунда. Алар бири-бирин укпайт, анын жыйынтыгында уруш, араздашуу болуп келүүдө. Дарыгерлер ар бир бейтап илимдүү-билимдүү болушу керек деп эсептейт да, аларды урушуп, "сен кетип калганың үчүн ушундай окуя болду, сен тилди албай койдуң" деп бейтапты күнөөлөшөт. Бейтап да дарыгерди укпайт, кааласа басып кетет, кааласа жазып берген дарысын ичпей коёт, бирок "мени айыктыргыла" деп талап кылат. Мисалы, Асанкожоевдин окуясында да ал үйүнө барып сууга түшкөн, бирок колу сынган абалда ал сууга түшмөк турсун ага жолобошу керек эле да. Ал эч кимди укпай кетип калганда да дарыгер кайра телефон чалып, ооруканага келүүсүн талап кылышы керек болчу. Асанкожоевдин ооруганы майрам күндөргө туш келип калган, бирок бейтапканын башчысы нөөмөттөгү адистерден сырткары башка дарыгерлердин консультацияга келүүсүн камсыздап бериши керек болчу. Айтор ар бир ишти аткарууда бейтап да, дарыгер да так болушу керек эле. Бул окуяда 5-6 дарыгердин баары эле иштеп аткандай, карагандай болду, бирок мына ушундай каргашалуу окуяга күбө болуп отурабыз. Ошондуктан дарыгер менен бейтаптын ортосунда байланыш болушу абдан зарыл. Медициналык маалымат жок бейтаптарда".

Асанкожоевдин өлүмүнөн кийин соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы азырынча чыга элек.

Акыйкатчы институтунун социалдык экономикалык маселелер боюнча бөлүм башчысы Салтанат Касымбекованын айтымында, 2023-жылдын 10 айында аталган мекемеге медицина тармагына нааразы болгондордон 47 арыз түшкөн. 2022-жылы болсо мындай арыздардын саны 55ти түзгөн.

"Жалпы 47 арыз катталса, анын көбү медициналык мекеме, медициналык кызматкерлер менен араздашып, соттук териштирүү болуп аткандыктан отурумдарга катышып берүүбүздү суранып кайрылган. Былтыр, 2022-жылы деле дээрлик ушунча кайрылуу болгон. Биз аларга ар тараптуу кызмат көрсөтүп, кайрылуусуна жооп берүүгө аракет кылабыз. Андан сырткары бизде 115 ишеним телефону иштейт. Ага да медициналык тейлөө жагынан көйгөйлөргө тушуккандар кайрылган учурда биз дароо мекеменин жетекчилиги менен байланышып, маселени чечкенге аракет кылабыз".

Азамат Асанкожоевдин окуясы боюнча Саламаттык сактоо министрлиги, Башкы прокуратура да иш алып барууда. Ал эми төрт баласын жетелеп жесир калган эне алардан ишти акыйкат текшерип, тийиштүү жыйынтык чыгарып берүүсүнө үмүт артып турат.

XS
SM
MD
LG