Беларустун борбору Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйынынын соңунда 20га жакын документке кол коюлду. Алардын арасында уюмдун жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн бириккен жетекчилигинин жаңы түзүмү, аскер полигондору жана окуу борборлору, маалыматтык коопсуздук жаатындагы документтер бар.
Беларустун борбору Минск шаарында 23-ноябрда өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйынына Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келген жок.
Пашинян буга чейин да Бишкекте бир ай мурда өткөн КМШнын мамлекет башчыларынын жыйынына келген эмес. Ал өзүнүн кадамын Орусия активдүү катышкан мындай уюмдардын майнаптуулугунан күмөн санары менен байланыштырып келет.
Жыйынды ачып жатып, быйыл уюмга төрагалык кылган Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко күн тартибинде дүйнөдөгү жана уюмга мүчө мамлекеттердин аймагындагы саясий-аскердик абалга баа берип, анализ жасап, тийиштүү чечимдерди кабыл алуу зарыл экенин билдирди.
Эки саатка созулган жыйында Александр Лукашенко кыска аралыкта мамлекет башчылары дүйнөдөгү жана аймактагы коопсуздук, коргонуу маселелерин талкуулаганын билдирди. Ал кыргыз-тажик, азери-армян мамилелерине токтолду:
"Биз муну канааттануу менен белгиледик - Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери - алардын чек арасындагы прогрессти алалы. Бул дагы биздин коопсуздук, бул дагы ЖККУнун ыйгарым укуктарына кирет. Түштүк Кавказдагы Азербайжан менен Армениянын маселеси. Армян-Азербайжан кагылышуусун жөнгө салууда Орусиянын ойногон ролу. Бул дагы ЖККУнун ишине кошкон салым. Минскиде башталган бүгүнкү сүйлөшүүлөрдү жыл аягындагы ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттеринин жыйынында андан ары улантабыз. Мен муну айтып жатканым - биздин ишибиз 2 саат мурда эле Минскиде башталып, бүтүп калган жок, биз бул жолу жыл бою аткарган көп түрдүү, татаал иштерибиздин жыйынтыгын чыгардык".
Минск кеңешмесинин күн тартибиндеги негизги маселелердин бири - ЖККУга мүчө мамлекеттердин абадан коргонуу боюнча бирдиктүү системасын түзүү экенин буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин айткан.
Ал муну Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуусунда да белгилеген.
"Эртең ЖККУнун Минскидеги жыйынынын алкагында кесиптештерибиз менен жолугабыз. Күн тартибиндеги маселелердин бири - уюмдун абадан коргонуу боюнча бирдиктүү системасын түзүү. Биз бул жаатта көп иштерди аткардык. Тажикстандын президенти менен эки күндөн бери ушул жааттагы маселени талкууладык. Тажикстандын өзүнө биздин С-300 системасынын эки дивизионун койдук. Бул 8 даана дүрмөттөлгөн ракеталык жабдуу. Биз ЖККУнун алкагында бул ишти андан ары улантып, бүтүрүүгө даярбыз", - деген Путин.
Ал бул жааттагы тескемелерди жыл аягына чейин жарыкка чыгаруу зарыл деп өкмөтүнө тапшырма бергени кабарланды.
Орусия бир ай мурда эле ушундай эле абадан коргонуу боюнча бирдиктүү системаны Кыргызстан менен да түзгөн. Мындай макулдашууну буга чейин 2009-жылы Беларус, 2014-жылы Казакстан, 2016-жылы Армения жана 2021-жылы Тажикстан менен кол койгон.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскердик аба базасы Кыргызстандын Кант шаарында жайгашкан. Бир ай мурда октябрда КМШнын Бишкек шаарындагы жыйынынын алкагында бул базанын ачылганынын 20 жылдыгы Владимир Путиндин катышуусу менен белгиленген.
Кыргызстандын Жогорку Кеңеши бекиткен келишимге ылайык, абадан биргелешип коргонуунун алкагында Канттагы аскер базасынын жанындагы 5 гектар жерге абадан кол салуудан коргонуу бөлүкчөлөрү жайгашмакчы.
Пашиняндын таарынычы, ЖККУнун салмагы
Орусиянын өзүнө ыңгайлуу уюмду күчтөндүрүү аракеттери Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Армениянын көңүлү сууган чакка туура келип отурат.
Бул жолу да армян премьер-министри Никол Пашинян Александр Лукашенкого телефон чалып, өзүнүн иш графигине ылайык Минскидеги жыйынга катыша албай турганын билдирген. Ага чейин, 13-октябрда Бишкекте өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын жыйынына келген эмес.
Андан туура бир жыл мурда - былтыр, 23-ноябрда Ереванда ЖККУнун жыйыны өткөн. Ага карата армян оппозициясы нааразылык акцияларын уюштуруп, Владимир Путиндин келишине каршылык билдиришкен.
Анда Никол Пашинян уюмдун жыйынтыктоочу документи болгон декларацияга кол коюудан баш тарткан. Ал муну уюмдун мүчөлөрүнүн азыркы таптагы чыныгы абалына оң таасир эте турган реалдуу механизмдердин документте жоктугу менен негиздеген.
"Акыркы эки жылда ЖККУнун мүчөсү болгон Армения Азербайжан тарабынан эң кеминде үч жолу агрессияга тушукту. Армениянын ЖККУга мүчөлүгү Азербайжандын агрессиясын токтотпогону аз келгенсип, бүгүнкү күнгө чейин Азербайжандын Арменияга кол салуусу боюнча уюмдун жыйынтыктоочу бир пикирге келбегени бизди беймаза кылат", - деген Пашинян.
Эксперттер бир ооздон Пашиняндын мындай кадамдарын ЖККУнун Тоолуу-Карабак маселесинде Армения жардам сураганына кайдыгер карап, иш жүзүндө кол сунбай койгондугуна байланыштырат.
Никол Пашинян ошентип Жаматтык коопсуздук келишим уюмунан биротоло көңүлү калганын да жашырбай келатат.
Армениянын артынан Казакстан да уюмдан чыгышы ыктымал деген божомолдорду бул мамлекеттин расмий адамдары жокко чыгарды. Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Умаров "Азаттыктын" казак редакциясына Казакстандын ЖККУдан чыгуу планы жоктугун тастыктады.
"Ал уюмдагы мүчөлүккө байланышкан пикирлер көп айтылат. Бирок бүгүнкүгө чейин бир да мамлекет расмий түрдө мүчөлүгүн токтотуу арызы менен кайрылган жок. Андыктан ЖККУнун курамында олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Мындай уюмдун сыртында калууга караганда, анын катарында болгон жакшы", - деп айтты Умаров.
Дипломат Казакстан аскердик блокту түптөөнүн башатында турганын, ал "өлкөнүн кызыкчылыгына иштеп жатканын" белгилеген.
Казакстандын тарыхында "Кандуу каңтар" деген ат менен калган Январь окуясы чыкканда Астана ЖККУдан жардам сурап, уюмдун аскер күчтөрү Казакстанга киргизилген. Ошондон кийин коңшу мамлекетте айрым активисттер менен саясатчылар бул альянстан чыгуу чакырыктарын айтышкан.
Быйыл 9-октябрда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” полигонунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтык орнотуу күчтөрүнүн биргелешкен “Бузулбас боордоштук-2023” машыгуусу өткөн. Армения ага да өз аскерлерин жиберген эмес.
Ошол эле маалда бул уюмга мүчө эки мамлекеттин – Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек арага байланыштуу 2021-2022-жылдарда ири кагылышуулар болгон.
Президент Садыр Жапаров уюмдун алкагында өз кесиптештерин ал окуяларга көңүл бурдуруу максатында өз пикирин айткан. Бирок ЖККУнун калган мүчөлөрү уюмдун алкагында эки мамлекеттин ортосундагы андай чыр-чатактарга сыртын салып, көңүл бурбай койгону белгилүү.
Коопсуздук жаатындагы эксперт, мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов ЖККУнун Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек арадагы чатактардан улам чыккан араздашууларына аралашпаган себебин уюмдун уставына байланыштырат.
Саясат талдоочу Эмил Жураев ЖККУ уюм катары өзүн актабай калганын, ал Орусиянын империялык геосаясатын ишке ашыруучу курал катары гана жашап жатканын билдирди:
“Армениянын кырдаалына караганда, Орусиянын Украина менен согушун эске алганда, Кыргызстан менен Тажикстандын мамилесинин фонунда бир эле жыйынтык чыгарса болот – бул Орусиянын геосаясатын ишке ашырууну көздөгөн жана ошону ишке ашырууга аракет жасап келаткан уюм. Андан башка мүчө мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алып, алардын коопсуздугун коргоо муктаждыктарына жооп бере ала турган уюм болгон жок, келечекте боло да албайт”.
Жапаров Газадагы абалга токтолду
ЖККУнун Минскиде өткөн бул жыйынында сүйлөгөн Садыр Жапаров Газа тилкесиндеги жана Ооганстандагы кырдаалга токтолгону белгилүү болду.
Ал Кыргызстан Газа тилкесиндеги кырдаал дүйнөлүк коомчулуктун БУУ резолюцияларына ылайык көрүп жаткан тынчтык жолу менен жөнгө салуу аракеттерин "эки мамлекет" принциби негизинде бириктирүүнү жактай турганына токтолду.
Жапаров кыргыз бийлиги тараптарды жай тургундардын өлүмгө жана зомбулукка кабылуусуна жол бербөө, атышууну тез арада токтотуу жана сүйлөшүүнү баштоо боюнча ар тараптуу чараларды көрүүгө чакырарын белгиледи.
Ошону менен катар президент кыргыз тарап Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн жасап жаткан аракеттерин кубаттай турганын жана алардын эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерин аткарууга болгон умтулуусун колдой турганын айтты.
Минск саммитинин жыйынтыгы менен келерки жылы уюмдун башкы катчысынын орун басарларынын биринин позициясы Кыргызстанга өтөрү белгиленди. Бул кызматка президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыковдун талапкерлиги жактырылды.
Беларус уюмдагы төрагалыгын ушул саммит менен жыйынтыктап, төрагалыкты Казакстанга өткөрүп берүүдө.
ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.