Өкмөттүн курамында аял жетекчилердин аздыгы парламентте кайра айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында өкмөттүн курамында аял кишилердин аз экени айтылды. Депутат Акбөкөн Таштанбеков өкмөттүн курамына аял жетекчилерди да кошууну сунуштады.

“Бюджетиңиз аябай сонун, командаңыз да көздү сүйүндүрө тургандай экен. Бир эле кемчилик, кыздар азыраак болуп жатат. Командаңызга кыздарды да аралаштырып, акимдикке, мэрликке да койсоңуз”, - деди Таштанбеков.

Учурда төрага Акылбек Жапаров жана анын орун басарларын, министрлерди кошкондо, Министрлер кабинетинин 21 мүчөсү бар. Алардын ичинен үч мекемени - Билим берүү жана илим министрлигин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин, Санариптик өнүктүрүү министрлигин айым жетекчилер башкарат.

Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду, мамлекеттик жетекчи кызматтарда саны аз экендиги эгемендик алгандан бери улам эске салынып келип, 2009-жылы Кыргызстан гендер теңдиги жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30 пайызынан кем болбошу керек деп жазылган. Бирок коомчулукта бул талап көбүнчө эмгек акысы аз төлөнгөн, социалдык кызматтарда эле сакталып келе жатканы айтылып жүрөт.

Жогорку Кеңеште да айым депутаттардын саны аздыгы узак жылдар бою талкууланып, өткөн парламенттик шайлоодо аялдар үчүн туруктуу квота киргизилген. Анын арты менен 18 депутат айым партия аркылуу шайланып келген. Ал эми бир мандаттуу 36 шайлоо округдун ичинен жалгыз айым талапкер Элвира Сурабалдиева утуп чыккан.

Учурда Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 19у же 21% гана айымдар.

Дагы караңыз

Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Ахрор Иминов абактан бошотулдуАкылбек Жапаров: Пенсиялык фондго акча төкпөгөндөр жөлөкпул менен гана жашайт"Кыргызстан - конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү" деген жыйын өтүп жатат Өкмөт Жогорку Кеңеште бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берип жатат