Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:44

"Кыргызстан - конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү" деген жыйын өтүп жатат


Диндер аралык ымаланы бекемдөө максатындагы көчөт отургузуу иш-чарасы. Бишкек, 2018-жыл.
Диндер аралык ымаланы бекемдөө максатындагы көчөт отургузуу иш-чарасы. Бишкек, 2018-жыл.

Бишкекте бүгүн, 23-ноябрда "Кыргызстан - конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү" деген аталышта жыйын өтүп жатат. Иш-чараны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштурууда. Маалыматка ылайык, жыйын мурдараак өткөн диний жааттагы эл аралык диалогдун уландысы болуп саналат.

Жыйындын алкагында диний тармактагы бир катар маселелер көтөрүлөт. Ошондой эле мамлекеттик жана конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө, өлкөдө, коомдо туруктуулукту сактоо жаатындагы маанилүү маселелер ортого салынат.

Иш-чарага мамлекеттик бийлик, диний органдардын, Кыргызстандагы түрдүү диний конфессиялардын өкүлдөрү, эксперттер катышууда. Алардын арасында АКШ, Европа, Араб, Борбор Азия өлкөлөрүнөн, Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн эксперттер чакырылган.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери диний уюмдар жана диний объектилер көбөйгөн. 1990-жылдардын башында ислам, орус православ чиркөөсү, христиан адвентисттери жана католиктер эле болсо, учурда 30дан ашуун багыттагы ар кандай диний уюмдар жана 3 миңден ашуун диний объектилер бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG