Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:10

Өкмөт Жогорку Кеңеште бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берип жатат


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бардык мүчөлөрү бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңеште 2022-жылдын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы боюнча отчет берип жатат.

Бүгүнкү отурумда ошондой эле 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси жана келерки 2024-жылдын мамлекеттик бюджетинин долбоору да каралат.

Депутаттардын алдына өкмөт башчы Акылбек Жапаров чыгып сүйлөп, өлкө экономикасында акыркы эки-үч жылдан бери жүрүп жаткан өнүгүүлөр, өзгөрүүлөр тууралуу баяндама жасап жатат.

Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун башкаруусу алдында өлкөдө коррупцияга каршы күрөш күч алып, Кумтөр алтын кени мамлекетке кайтарылганын айтып өттү.

"Президентибиз Садыр Нургожоевичтин командасынын алдында өлкөдөгү өзгөрүп-өсүү тууралуу баяндама берип жатабыз. Суу, энергия, азык-түлүккө суроо-талаптын өсүп жатканына, мыкты кадрлардын жетишсиздигине карабай, Кыргызстан ар тараптан өнүгүүнүн жолуна түштү. Кечээ өлкөнүн ички дүң продукциясы 1 триллион деген чектен өттү. Орточо айлык 32 миң сомго жетти. Инфляцияны колдон келишинче төмөн кармап жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.

Статкомдун маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы пандемияга байланыштуу 8,4% чейин түшүп кеткен. Ал эми кайра 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыккан.

Кыргызстандын ИДПсы 2011-жылы 250 млрд сомго чыгып, жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Кийинки көрүнүктүү өсүү 2017-жылы болгон - 500 млрд сомдон ашкан.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы октябрдын аягына карата 5,9 млрд долларга жетти. Анын 4 млрд 486 млн доллары тышкы карыз, 1,5 млрд доллары ички карыз.

Кыргызстан тышкы карызды төлөө үчүн быйылкы тогуз айда 22,5 млрд сом сарптады.

Кыргызстандын карызынын көп бөлүгү Кытайга тиешелүү, 1 млрд 734,58 млн долларды Бээжинге төлөп бериши керек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG