Төө-Ашууда жүк ташыган машинелерге чектөө киргизилди

Бишкек-Ош жолунда кум-шагыл чачып жаткан жумушчулар. "Кыргызавтожол" тараткан сүрөт.

Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка", "Арал" өткөрмө бекеттеринде оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, чектөө бүгүн, 23-ноябрда таңкы саат 4:30дан тарта киргизилди. Буга аба ырайы кескин өзгөрүп, ашууларда бурганактап кар жаап жатканы себеп.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек-Ош жолунда кар катуу жаап жатат. Жол тейлөө ишканаларынын кызматчылары жолго кум, шагыл чачып, өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды, ашууларды толук көзөмөлдөп жатат.

Министрлик алыс жолго чыга турган айдоочуларга унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну жана чынжыр салып алууну эскертүүдө.

Бишкек-Ош жолу Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги магистрал. Жолдо Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел сыяктуу бийик, аба-ырайы катаал ашуулар бар. Бишкек-Ош жолунун Талас-Тараз багытына бурулган тарабындагы Өтмөк ашуусу да бийик ашуулардын бири.(ZKo)

Дагы караңыз

Финляндия Орусия менен чек арасындагы эң ыраактагы бекетинен башкасын бүт жабатОрусиядагы медиаолигарх Владимир Киселёв өкмөттүн митингдерин сындадыЖон Кеннеди. Эң таасирдүү президенттин сырдуу өлүмүАялуу балдарды алга сүрөгөн Казыбек агай Көлбаевдин иши боюнча кармалган Өзгөн шаарынын мэри бөгөт чарасына каршы арызданды