Бишкекте 33 жаштагы келин үч эм төрөдү

Үч эм наристелер. Иддюстрациялык сүрөт.

Борбор калаанын 33 жаштагы тургуну үч эм: эки уул жана кыз төрөдү. Ымыркайлар №2 шаардык төрөтканада жарык дүйнөгө келишти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бөбөктөр - 3 кг 10 г, 2 кг 345 г жана 2 кг 45 г салмак менен төрөлүштү. Ымыркайлардын жана алардын энесинин абалы жакшы. Бөбөктөр энесинин багуусунда.

Расмий маалыматка караганда, 2022-жылы 1380 эгиз, 13 үч эм жана бир төрт эм төрөлдү.

2021-жылы 1452 эгиз, 17 үч эм, ал эми 2020-жылы 1552 эгиз, 18 үч эм бала жарык дүйнөгө келген.

2012-2019-жылдары статистика улам жогорулап, эм төрөлгөндөр 1286дан 1640ка жеткен.

Соңку он жылда Кыргызстанда алты жолу төрт эм (алардын экөө былтыр) төрөлгөн.

Былтыр Кыргызстандын калкы 7 миллионго жетти. Өлкөнүн миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары үч же андан көп эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку 500 миң сом сүйүнчү пул берүү демилгесин көтөрүп, ал парламенттен колдоо тапканы менен күчүнө кире элек.

Кыргызстанда 2018-жылдын 1-январынан тартып балага 4 миң сом сүйүнчү пул чегериле баштаган. (ZKo)

Дагы караңыз

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайтЖогорку Кеңештин аппарат жетекчиси алмаштыФутбол: Одилжандын жеңишке жеткирген голуКөлбаевге таандык 720 батирди ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп беришкени кабарландыЫмыркайын таштаган келин баланын атасы абактагы киши экенин айтып берди