Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси болуп Алайбек Алымбаев дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы 22-ноябрда билдирди.
Аппараттын мурдагы жетекчиси Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясындагы жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун парламенттик ассамблеясындагы өкүлү болуп дайындалды.
43 жаштагы Алымбаев жогорку билимдүү, 2008-2010-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын жардамчысы, 2016-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын катчылыгында консультант, эксперт болуп иштеген.
2021-жылы октябрда “Республика Ата-Журт” фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кенештин депутаты болгон.
2022-жылдын ноябрь айынан бери Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп келген.