Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


23-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8,

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 5…7° болот.

XS
SM
MD
LG