Кыргызстанда рублдин наркы сомго теңдешти

Орус рублинин ар кайсы купюралары. Иллюстрациялык сүрөт.

Орус рублинин сомго карата расмий курсу теңдешти. Улуттук банктын 21-ноябрдагы маалыматында, бүгүн 1 орус рубли 1 сом, 0087 тыйын турат.

Бул күнү коммерциялык банктарда 1 рубль орточо 98-99 тыйындан сатып алынып, 1-1,003 сомдон сатылууда.

Кыргызстанда орус валютасынын курсу жыл башынан бери 1 сомдон жогору баада кармалып келип, 24-июнда кескин төмөндөгөн.

Коммерциялык банктар бир рублди 78-90 тыйындан алып жатканы кабарланган. Рублдин арзандашына ал күнкү Орусияда Пригожиндин "куралдуу козголоңу" таасир эткени айтылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Өндүрүш Токтонасыровдун соту анын ден соолугуна байланыштуу жылды Орус армиясы Херсон шаарын артиллериядан аткылады Мелис Эшимкановдун элесине арналган конференция өтөт Казак жараны орус паспортун алуу үчүн Украинадагы согушка жалдандыКыргызстан быйыл тышкы карыздын 360 миллион долларын төлөдү