Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Казак жараны орус паспортун алуу үчүн Украинадагы согушка жалданды


Павел Конторбаевге Орусиянын паспортун тапшыруу. Бердск шаары, 21-ноябрь 2023-жыл
Павел Конторбаевге Орусиянын паспортун тапшыруу. Бердск шаары, 21-ноябрь 2023-жыл

Казакстандын жараны Павел Конторбаев Украинадагы согушка катышуу келишимине кол койгону үчүн орус жарандагын алды. Бул тууралуу Новосибирск облусунун Бердск шаарынын администрациясы билдирди.

Маалыматка караганда, аны менен кошо жубайы Вероникага да орус паспорту берилди.

Октябрда Орусиянын Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин орус паспортун алган мигранттар Украинадагы согушка барбаса, аларды жарандыктан ажыраутууну сунуш кылган. “Орусия жараны болуп туруп, аскердик милдетиңди аткарууга даяр болбосоң, андай кишини жарандыктан ажыратуу чечимин кабыл алуу керек”, - деген Бастрыкин.

"Настоящее время" телеканалынын маалыматында, ошондон кийин Москва шаарында борбор азиялык 22 мигрантка аскердик кызматты өтөөдөн баш тартуу беренеси менен кылмыш иши козголгон. Алар буга чейин Орусиянын жарандыгын алган. Тергөө комитетинин Москва бөлүмү орус паспортун алган 80 киши куралдуу күчтөргө жөнөтүлгөнүн билдирген.

Жазында орус президенти Владимир Путин согуш маалында армияда кызмат өтөө келишимин түзгөн чет элдиктерге жарандыкты жеңилдетилген тартипте берүүгө жол ачкан токтомго кол койгон.

Айрым маалымат каражаттары жана укук коргоочулар Борбор Азия менен Кавказдан барган мигранттар урушка күчкө салып же алдап тартылганы, алар топтолгон жерлерде – базарларда, мечиттерде рейддер жүргөнүн айтып келишет.

Борбор Азиянын өкмөттөрү өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка катышуунун кесепеттерин эскертишкен.

XS
SM
MD
LG