Улуттук госпиталда томографиядан өтүү үч күн акысыз болот

Магниттик-резонанстык томография аппараты. Иллюстрация.

Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томография жабдуусу ишке киргенине байланыштуу 22-24-ноябрь күндөрү аппараттан текшерилүү акысыз жүргүзүлөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, томографиядан өтүүнү каалагандар дарыгердин багыттамасын алып келиши керек. Ашказанын текшертүүнү көздөгөндөр ачкарын болушу шарт.

Томографиядан өтүү бул күндөрү саат 09:00-16:00 аралыгында жүргүзүлөт. Текшерилүү үчүн бейтаптардын кезеги алдын ала, 0709905511 телефону аркылуу жазылат.

Жыл башында Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарындагы борборлоштурулган ооруканаларга компьютердик томография аппараттары коюлган.

Медициналык жабдуулар Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкынын "Кыргызстанда өзгөчө кырдаалга туруктуулукту арттыруу ERIK-CERC" аттуу долбоорунун алкагында орнотулуп жатканы кабарланган. (ZKo)

Дагы караңыз

АКШ Омурбеков жана Фролкин аттуу аскерлерге санкция салдыСот Тенгиз Бөлтүрүктүн банк эсептерин камактан чыгарып, 800 миң сом айып пул салдыМелис Эшимкановдун элесине арналган конференция өтөт Казак жараны орус паспортун алуу үчүн Украинадагы согушка жалдандыӨндүрүш Токтонасыровдун соту анын ден соолугуна байланыштуу жылды