Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Сот Тенгиз Бөлтүрүктүн банк эсептерин камактан чыгарып, 800 миң сом айып пул салды


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 21-ноябрда "Кумтөр голд компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн ишин карап, жыйынтыгында ага 800 миң сом айып салды жана банк эсептерин камактан чыгарууну чечим кылды. Сот чечимине ылайык, Тенгиз Бөлтүрүк Башкы прокуратуранын эсебине которгон 10 млн сом "Кумтөр" ишканасына кайтарылат. Аны үй камагына алган бөгөт чарасы дагы жокко чыгарылды.

Жараян учурунда Тенгиз Бөлтүрүк сотко кайрылып, бир жылдан бери эч жерде иштебей, тергөө абагында, андан кийин ооруканада жатканын белгилеп, үй-бүлөсүн багуу үчүн мурда сот тарабынан камакка алынган мүлкүн бошотууну сурады.

Башкы прокуратура былтыр “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 млрд 146 млн сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү, жабдуу боюнча мурдагы адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын ошол кездеги директору Рыспек Токтогуловду, ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановду кармаган.

Мекеме май айында 844 млн 512 миң 858 сом Тенгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын билдирген. Бирок ким канча каражат төккөнү ачыкталган эмес.

Бишкектин Октябрь райондук соту 30-апрелде прокуратуранын өтүнүчү менен Бөлтүрүктү үй камагына чыгарган.

Эсеп палатасы быйыл жыл башында “Кумтөр Голд" компаниясы 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин эбегейсиз каражаттарды майнапсыз короткону аныкталганын жарыялаган. Анда "Кумтөр Голд Компани" ишканасы “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине 2022-жылдын алты айында 32 долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 млн 908 миң доллар жумшаганы кабарланган.

Каражаттын 1 млн 731 миң доллары кызматкерлердин айлыгына кеткени аныкталган (1 млн 148 миң долларды чет өлкөлүк кызматкерлер алган). Мындан сырткары эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмеректерге кеткен. Кеңсе эмеректерин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн жалпы 179 млн 700 миң сом коротулган.

Бөлтүрүк өзүнүн күнөөсүз экенин билдирип келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG