ИИМ Токтогул ГЭСин кайтарган аскердин өлүмү тууралуу маалымат берди

Ички аскерлер бөлүгүнүн символу. Кыргызстан.

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүгүнүн басма сөз кызматы Токтогул ГЭСин кайтарган аскердин өлүмү тууралуу маалымат берип, аны атып салган экинчи жоокер изделип жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 20-ноябрда болжол менен саат 05:50дө эки жоокер кароолдо турганда болгон.

"Кара-Көл шаарындагы №7706 аскер бөлүгүнүн №1 кароолунда (Токтогул ГЭСи) турган 2002-жылы туулган жоокер өзү менен кызмат өтөгөн жоокерди атып алган. Алган жараатынан улам ок жеген жоокер ошол жерде көз жумган. Окуядан кийин катардагы жоокер У.Б. өзүнүн куралы менен кароол жайын таштап, белгисиз жакка кетип калган. Учурда ага издөө жарыяланды", - деп жазылган билдирүүдө.

Каза болгон аскер 20 жашта. Анын өлүмүнө байланыштуу териштирүү уланууда. (TB)

Дагы караңыз

Элчилик Орусияда 4-кабаттан кулап каза болгон аял тууралуу маалымат берди Футбол: Бишкекте Кыргызстандын курама командасы Оман менен беттешетЭл артисти Татьяна Стрельцова акыркы сапарга узатылдыПентагондун башчысы Ллойд Остин Киевге бардыОрусияда миграция саясатынын жаңы концепциясы сунушталдыОрусияда украиналык ырчы Жамалага издөө жарыяланды