Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Пентагондун башчысы Ллойд Остин Киевге барды


Пентагондун башчысы Киевдеги темир жол бекетинде АКШнын Украинадагы элчиси Брижит Бринк менен учурашып жатат. 20-ноябрь, 2023-жыл.
Пентагондун башчысы Киевдеги темир жол бекетинде АКШнын Украинадагы элчиси Брижит Бринк менен учурашып жатат. 20-ноябрь, 2023-жыл.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин 20-ноябрда Киевге барды. Ал Вашингтон Украинаны Орусияга каршы согушта колдоону уланта берерин X социалдык түйүнүнө жазды.

“Бүгүн мен бул жерге маанилүү билдирүүнү жеткирүү үчүн келдим. Кошмо Штаттар Украинаны Орусиянын агрессиясына каршы эркиндик үчүн күрөштө азыр да колдойт, келечекте да колдоону улантат”,-деп жазды Ллойд Остин.

Ал Польшадан Украинага поезд аркылуу барды. Согуш башталганы бул коргоо министринин Киевге болгон экинчи жолку сапары.

Остин Америкада Украинага мындан аркы жардам көрсөтүү маселеси талкууланып жаткан маалда барды. Ак үй Киевди колдоону улантуу керек экенин билдирип келет. Азырынча Конгрессте каржы маселеси боюнча мунаса табыла элек.

Вашингтон Орусия согуш баштаганы Украинага миллиарддаган долларлык аскердик жана башка жардам көрсөттү.

XS
SM
MD
LG