Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Элчилик Орусияда 4-кабаттан кулап каза болгон аял тууралуу маалымат берди


"Жүк 200" учакка жүктөө учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
"Жүк 200" учакка жүктөө учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Москва облусунун Павшино аскер шаарчасында (Красногорск шаардык окургу) кыргызстандык аял үйдүн 4-кабатынан кулап каза болгондугу, полиция батирден бычактан жаракат алган адамды тапканы тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул маалымат боюнча түшүндүрмө берип, окуя көзөмөлдө экенин маалымдады.

4-кабаттан кулап каза болгон 37 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен мекенине туугандарына жиберилген. Ал эми бычактан жаракат алган абалында батирден табылган 52 жаштагы Ж. Т. аттуу эркек киши ооруканага жеткирилген. Учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Орусиянын бир катар жергиликтүү басылмалары, Телеграм каналдары 29-октябрда Москва облусунун Павшино шаарчасында кыргызстандык келин 4-кабаттагы батирдин терезесинен кулап каза болгонун жазышкан. Полиция келин терезесинен кулаган батирдин ичинен төшүнө бычак сайылган абалында дагы бир кыргызстандык жаранды тапканы кабарланган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл алты айда чет өлкөлөрдөн мекенине 297 кыргызстандыктын сөөгү алынып келгенин кабарлаган.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, былтыр чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келген. Алардын 200дөн ашууну Орусияда каза болгон.

Расмий эсептер боюнча Орусияда иштеп жашаган кыргызстандыктардын саны 700 миң чамалуу. Акыркы 30 жыл ичинде 650 миңден ашуун кыргызстандык орус жарандыгын алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG