Орусиянын Кемерово облусунун мурдагы губернатору Аман Тулеев 79 жашында көз жумду. Бул тууралуу аймактын азыркы башчысы Сергей Цивилев билдирди. Анын өлүмүнө эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Тулеев облусту 20 жылдан ашуун жетектеген. Аны алгач 1997-жылы Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин дайындаган.
Аман Тулеев 2018-жылы “Зимняя вишня” соода борборундагы өрттөн кийин кызматтан кеткен. Анда 67 киши, анын ичинде 37 баланын өмүрү кыйылган. Кемеровонун тургундары Тулеевдин кызматтан кетишин талап кылышкан. Анткени ал кырсык болгон жерге барып, курман болгондордун жакындары менен жолугушуудан баш тарткан. Тулеевдин жергиликтүү элден эмес, президент Владимир Путиндин кечирим сураганы үчүн сынга кабылган.
Кызматтан кеткенден кийин ал Кемеров облустук кеңешинин депутаты болуп, кийин аны жетектеп турган.
Түркмөнстанда туулган казак-татар тектүү Тулеев 1991-жылы жана 2000-жылы Орусиянын президенттигине талапкерлеригин койгон.
Дагы караңыз
Элчилик Орусияда 4-кабаттан кулап каза болгон аял тууралуу маалымат берди Эл артисти Татьяна Стрельцова акыркы сапарга узатылдыПентагондун башчысы Ллойд Остин Киевге барды