Саламаттык сактоо министрлиги 19-ноябрда түндө Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда көчөдөн табылган ымыркайдын абалы туруктуу деп кабарлады. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, ымыркайды милиционерлер Бишкектеги №2 төрөт үйүнө алып барышкан, балага жандандыруучу медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.
19-ноябрь күнү саат 22:45 ченде Арча-Бешик жаңы конушунда желим баштыкка оролгон ымыркай -уул бала кагаз кутудан табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери баланы №2 төрөт үйүнө жеткиришкен.
Кийинчерээк милиция баланы төрөп таштоого шек санап, 20 жаштагы С. Ж. аттуу аял кармалганын билдирген.
Буга чейин 8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин “Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү” беренеси менен шек саналып жатат. 14-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту шектүүнү сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан бошоткон.
Ымыркай азыр Бишкектеги №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.
Кыргызстанда балдарын төрөп, бирок багууну каалабаган энелерге балдарын өткөрүп берүү үчүн атайын жайларды ачуу маселеси көтөрүлгөн. (ZKo)
Дагы караңыз
Эмдетпөөнүн азабы. Кыргызстанда кызамык жайылып жатат Жапониянын ири ишканаларынын өкүлдөрү Кыргызстанга келетБишкекте дагы бир ымыркай көчөдөн табылдыВладимир Путин G20 уюмунун виртуалдуу саммитине катышатАКШнын мурдагы биринчи айымы Розалин Картер дүйнөдөн кайтты