Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

Владимир Путин G20 уюмунун виртуалдуу саммитине катышат


Орусиянын президенти Владимир Путин 22-ноябрда "Чоң жыйырманын" (G20) онлайн саммитине катышары күтүлүп жатканын "Россия 1" мамлекеттик телеканалы жарыялады.

Путин уюмдун сентябрда Индияда өткөн кезектеги жыйынына катышкан эмес. Анын ордуна Орусиядан тышкы иштер министри Сергей Лавров барган. Орус президенти "Чоң жыйырманын" жыйындарына 2022-жылы февралда Украинага кол салгандан бери катышпай келет.

"Чоң жыйырманын" келерки онлайн жыйынында катышуучулар Делиде жетишкен келишимдердин аткарылышы боюнча сөз кылышат. Бул тууралуу Индиянын премьер-министри Нарендра Моди билдирген. Учурда "Чоң жыйырмага" Индия төрагалык кылууда.

Ушул жылдын март айында Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камоого ордер чыгарган. Аларга негизинен украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып кеткенине байланыштуу айып коюлган.

Буга чейин Украинадагы согуш маалында Орусия 20 миңдей жашы жетек элек баланы чыгарып кеткен болушу ыктымал экени айтылган.

Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарынан балдардын сыртка алып кетилгени эл аралык укук боюнча геноцидге тете кылмыш болуп эсептелет.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статусуна кошулбагандыктан, Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова соттун чечимин Москва тааныбай турганын билдирген. АКШ, Европа өлкөлөрү Гаага сотунун чечимин кубаттаган.

XS
SM
MD
LG