Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:41

Бишкекте дагы бир ымыркай көчөдөн табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

19-ноябрь күнү саат 22:45 ченде милицияга Бишкектеги "Арча-Бешик" жаңы конушунда көчөдөн жаңы туулган ымыркай - уул бала табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери ымыркайды төрөтканага жеткиришкен.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) маалыматына караганда, учурда баланын энесин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Бала Арча-Бешик жаңы конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин тосмосунун жанынан табылган.

Буга чейин 8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылганы жөнүндө милицияга кабар түшкөн. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин “Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү” беренеси менен шек саналып жатат. 14-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту шектүүнү сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан бошоткон.

Ымыркай азыр Бишкектеги №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

Кыргызстанда балдарын төрөп, бирок багууну каалабаган энелерге балдарын өткөрүп берүү үчүн атайын жайларды ачуу маселеси көтөрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG