Ташиев Көлбаев менен Матраимовго байланышы бар 70тен көп адам кызматтан алынганын айтты

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев маркум Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мафиясына байланышы бар 225тен ашык мамлекеттик кызматкер аныкталганын билдирди.

Алардын ичинен 133 адам Камчы Көлбаев менен, 92 киши Райымбек Матраимов менен жашыруун байланышта болгон. Атайын кызматтын төрагасы алардын ичинен 70тен көбү кызматтан алынганын айтты.

“Бажы кызматында эле 85 адамдын байланышы аныкталган. Алардын 50 чактысы кызматтан алынды. Мамлекеттик кызматты таза эмес адамдардан тазалоо иштери бардык тармактарда болот”, - деди ал.

Камчыбек Ташиев бул тууралуу 17-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чүй облусу боюнча Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында айтты.

2-ноябрда Камчыбек Ташиев өлкөдө Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовду мафия деп атап, мындан ары мындай мафиялар болбой турганын билдирген.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. (BTo)

Дагы караңыз

Сот Өзгөндүн мэри Дамир Моңолдоровду 9-декабрга чейин камакта калтырдыБыйылкы он айда жарым миллиондой жаранга кыргыз паспорту берилдиМамдуманын вице-спикери Өзбекстанда мигранттардын акчасына орус тилдүү мектептерди курууну сунуштадыБекназаровдун баракчасынан маалымат таратууга айыпталган жаранга 50 миң сом айып салындыАлматыда сот якутиялык активист Айхал Аммосовду бир жылга кести