Бекназаровдун баракчасынан маалымат таратууга айыпталган жаранга 50 миң сом айып салынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Абактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу "массалык башаламандык уюштуруу үчүн туура эмес маалымат таратууга" айыпталган Нишанбай Иманкуловдун ишин Жалал-Абад шаардык соту карап, 50 миң сом айып салды.

Мындай өкүм 16-октябрда чыкканын "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов билдирди.

Маалыматта, Нишанбай Иманкулов Кылмыш-жаза кодексинин 41- (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) беренесинин 4-бөлүгү, 327- (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) беренесинин 2-бөлүгү 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып салынган.

Өкүм күчүнө киргенден кийин үй камагына алуу чечими жокко чыккан.

25 жаштагы Нишанбай Иманкуловдун кармалганы 5-сентябрда белгилүү болгон. Ал Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаровдун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, массалык башаламандык уюштуруу үчүн туура эмес маалыматтарды таратууга" айыпталган.

Бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымат берген эмес.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаров абакта кыйноого кабылып жатканын айтып, кайрылуу жолдогон. Анын мындай билдирүүлөрү социалдык тармактагы баракчасына жарыяланып турган.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар болгон. (MKt)

Дагы караңыз

Алматыда сот якутиялык активист Айхал Аммосовду бир жылга кестиАбдылдажан Акматалиев КМШ ПААнын сыйлыгын алдыБишкектеги муниципалдык автоунааларда кондуктор иштейтТаштандыдан табылган ымыркайдын энеси баласынан баш тартпай турганын айтты