Соода-өнөр жай палатасынын УКМК кармаган кызматкерлери жумуштан четтетилди

Кармалган шектүүлөр. УКМК тараткан сүрөт.

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев палатанын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармаган кызматкерлери тергөө аяктаганга чейин кызматтан убактылуу четтетилгенин билдирди. Бул тууралуу ал 17-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Темир Сариев экспортко чыккан товарларга мыйзамсыз сертификат берген деп шек саналып жаткан Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн кызматтан четтетилген жетекчилери 2021-2022-жылдардагы иштерге байланыштуу кармалганын кошумчалады. Анын маалыматына караганда, мыйзамсыз иштерди алдын алуу үчүн сертификаттарды берүүнүн жол-жобосуна өзгөртүү киргизилген.

Атайын кызмат 17-ноябрда Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери (Б.Э.Ю. жана П.К.) экспорттолуучу товарларга мыйзамсыз сертификат берип, айрым ишканаларга салыктан качууга шарт түзүп берген деген шек менен кармалганын кабарлаган.

УКМК маалымдагандай, алар көмүр экспорттогон ишканаларга кымбат көмүрдү “арзан” деп сыпаттаган сертификат берип турган. Бул кызматы үчүн ал ишканалардан акчалай сыйлык алышкан.

Кармалган шектүүлөр менен алардын адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Израил Газада операциянын жаңы баскычы башталганын жарыяладыКыргыз-тажик чек арасы: жумушчу топтор Баткенде жолугуштуИнгушетияда кыргызстандык жаран мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелип кармалдыКызылча оорусуна чалдыккандар төрт миңден аштыФинансы министрлиги “Кыргыз почтасынын” 18,28% акциясын алды