Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Израил Газада операциянын жаңы баскычы башталганын жарыялады


Газа тилкесиндеги израил аскерлери. 16-ноябрь, 2023-жыл.
Газа тилкесиндеги израил аскерлери. 16-ноябрь, 2023-жыл.

Израилдин армиясы Газа шаарынын батыш бөлүгүн толук өз карамагына алып, эми тилкедеги операциянын кийинки баскычына өтүп жатканын коргоо министри Йоав Галант билдирди.

"Операция уланууда, так жана чечкиндүү жүргүзүлүп жатат", – деди министр.

Ал израил аскерлери Газадагы эң ири Аш-Шифа ооруканасын тинтүүдө "маанилүү табылгаларды" аныктаганын белгилеп, бирок кеп эмне жөнүндө болуп жатканын тактаган жок.

Буга чейин израилдик аскерлер аталган оорукананын имараттарынын биринде табылган курал-жаракты көргөзгөн.

Бирок комплексте ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун командалык борбору жайгашканы тууралуу далил бериле элек. Согушкерлер жана оорукананын кызматкерлери ал жерде командалык пункт жок экенин айтып келет.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху америкалык CBS телеканалына курган маегинде Израил Газа тилкесиндеги карапайым тургундардын арасында жоготууларды азайтуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын айтты.

ЦАХАЛ ХАМАС радикал тобун жай тургундарды тирүү калкан катары колдонуп жатат деп айыптап келет.

ХАМАСтын жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 240тай кишини барымтага алган. Арасында ондогон балдар бар. ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөй киши өлгөнүн маалымдалган.

Израил радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500ү балдар.

XS
SM
MD
LG