Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:18

Кыргыз-тажик чек арасы: жумушчу топтор Баткенде жолугушту


Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун делегациялары.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун делегациялары.

11-17-ноябрь күндөрү Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жумушчу топтор кыргыз-тажик чек арасынын калган участоктордогу долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты. Бул иш Тажикстанда өтө турган кийинки отурумда улантылат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Чек араны тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк жумушчу топторунун соңку жолугушуусу 1-8-ноябрда Тажикстандын Согд облусунун Бустон шаарында өткөн. Анда топографиялык жана укуктук маселелер боюнча топтор кезигип, мамлекеттик чек аранын 17,98 чакырымы боюнча макулдашылганы кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин 519 км такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Ошондо жалпы 972 чакырымдын 664ү боюнча бир пикир табылса, 300 чакырымдай тактала элек аймак калган десе болот.

Чек ара толук такталып бүтө элек болгондуктан, буга чейин эки өлкө ортосунда түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган кандуу окуялар катталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG