Финансы министрлиги “Кыргыз почтасынын” 18,28% акциясын алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлиги “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын 18,28% акциясын алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматы боюнча, “Кыргыз почтасынын” мамлекетке 309 млн сомго жакын карызы бар. Бул карыз ишкана 2014-жылы Финансы министрлиги менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу болуп турганда түзүлгөн насыялык келишимдерден улам чогулган.

Ушул тапта калк накталай эмес төлөмгө өтүп “Кыргыз почтасынын” кызматын колдонгондор азайган. Андан тышкары компаниянын почта бөлүмдөрүнөн пенсия жана жөлөк пулдарды берүү да кыскартылды. Бул “Кыргыз почтасынын” кирешесин төмөндөтүп Дүйнөлүк банк берген насыяны кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү аз деп табылган.

“Финансы министрлигине болгон карызды кечүү максатында “Кыргыз почтасы” кошумча капиталдаштырууну сунуштайт. Ал долбоордо 395 млн 871 миң 500 сом суммасында кошумча эмиссия жасап, бул акцияларды Финансы министрлигине сатуу сунушталган”, - деп айтылат маалыматта.

Ошентип, Финансы министрлиги “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын 18,28% акциясынын ээси болуп калды. Министрлик андан тышкары “Кыргыз почтасынын” имараттарын оңдоого, кызмат көрсөтүүлөрдө зарыл болгон шарттарды түзүүгө кошумча каражат бөлдү. (BTo)

Дагы караңыз

ӨКМ Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо токтобой жатканын билдирдиПрокурор таза суу талап кылган акцияда кармалгандарды камоону сурады Бүгүн Бишкекте эл аралык кинофестивал башталатТүптө жол кырсыгынан үч адам набыт болдуСадыр Жапаров Жапонияга расмий сапар менен барды