Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

ӨКМ Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо токтобой жатканын билдирди


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Ысык-Көлдүн ичинен быйыл суучулдар жалпысынан 22 506 килограмм таштанды жана 162 300 метр тор алып чыгышты. Бул тууралуу бүгүн 17-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан көл аянтынын 387 614 гектары тазаланып, торлор жана Ысык-Көлдүн флорасы менен фаунасына зыян келтирчү ар кандай таштанды алынып чыкты.

Тазалоо иштери 12-мартта башталып, 1-ноябрда жыйынтыкталган.

Ал эми 13-14-ноябрь күндөрү ӨКМдин Суучулдар борборунун суучулдары балыкчылардын эски жана жаңы торлорун чыгарып, кармалган балыктарды сууга коё беришти.

“Алар Түп районунун Ой-Тал, Кутургу айылдарынын тушунда жана Николаев булуңунда тазалоо иштерин жүргүзүп, балык кармоочу торлордон жана ар кандай таштандыдан арылтышты. Тыюу салынганына карабастан синтетикалык тор менен балык уулоо токтой элек. Суучулар торго түшкөн балыктарды бошотуп, көлдү тазалап жатышат”, - деп билдирди ӨКМ.

Июнь айында президент Садыр Жапаров көлдүн булганып жатканын айтып, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган.

XS
SM
MD
LG