Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,9 млрд доллардан ашты

2023-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын көлөмү 5 млрд 987 млн долларга жетти. Финансы министрлигинин маалыматында, мунун ичинен 4 млрд 486 млн доллар тышкы карыз, 1,5 млрд доллар ички карыз.

Мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү июнь айынан бери 364 млн долларга өскөн.

Кыргызстан тышкы карызды төлөө үчүн быйылкы тогуз айда 22,5 млрд сом сарптады.

Президент Садыр Жапаров 4-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына өлкөнүн мамлекеттик карызы 2020-жылга чейинки эле 5 миллиард долларга жеткенин, эми карызды үстөгү менен төлөө мөөнөтү келгенин жазган. Мамлекет башчы өлкө тышкы карызды өз күчү менен - бюджеттик каражаттын эсебинен жаап жатканын белгилеген.

Кыргызстан эң көп Кытайга карыз, 1 млрд 734,58 млн долларды Бээжинге төлөп бериши керек.(ZKo)

Дагы караңыз

Тик учак, аялдар, сансыз байлык. Болат Назарбаев дуулаган доор Матвиенко Садыр Жапаровго орус тилин колдогону үчүн ыраазычылык билдирдиОшто "Коён" деген каймана аттуу Майрамбек Низамов кайра кармалдыПрокурор Ырыс Жекшеналиевди жети жылга камоону сурадыЫсык-Көл: Убактылуу кармоочу жайлардагы абал кыйноого тете экени айтылдыАкыйкатчы кордолгон эгиз кыздардын укугунун корголушун камсыздоого чакырдыЖашыл экономиканы өнүктүрүүчү долбоорлор каржыланат