Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:30

Ысык-Көл: Убактылуу кармоочу жайлардагы абал кыйноого тете экени айтылды


Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Ысык-Көл облусудагы кызматкерлери облус аймагындагы убактылуу кармоочу жайлардын абалын текшерип чыгып, алардагы шарт талапка жооп бербейт деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу 16-ноябрда “Азаттыкка” улуттук борбордун эксперти Замира Оторбаева билдирди:

«Убактылуу кармоочу жайлардагы абал талаптарга такыр жооп бербейт. Кээ бирлеринде суусу болсо, тазалыгы өтө начар, айрымдарында жылуулук болгону менен дааратканасы жок. Даараткананын имараттын ичинде болбогону кыйноонун бир түрү. Себеби ал жакта кармалып турган адамдарды сырттагы дааратканага эртең менен жана кечинде гана бир маал чыгарып коюшат. Адам каалаган убактысында дааратканага бара албайт. Бул кыйноо».

Оторбаева ички иштер бөлүмдөрүнө караштуу бул жайларды талапка жооп бергидей деңгээлге чыгаруу каражат маселесине барып такалууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” бул маселе боюнча берген комментарийинде "ИИМ оңдоо-түзөө иштерин четинен жүргүзүүдө. Мурдагы убактарга караганда абал жашырууда", - деп билдирди.

Эксперт Оторбаеванын айтымында, алардын борборго соңку бир жылда Ысык-Көл облусунан кыйноого байланыштуу 9 арыз түштү.

Ысык-Көл облусунун аймагында милициянын убактылуу кармоочу жайларынан алтоо бар.

Кыргызстанда тергөө абактарынын жана убактылуу кармоочу жайлардын абалы начар экенин укук коргоочулар белгилеп келишет. Мындай имараттардын айрымдары өткөн кылымда курулган, авариялык абалда турат.

Өлкөдө 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар.

Жаза аткаруу кызматынын соңку маалыматына караганда, Кыргызстанда соттолгондордун жалпы саны 7402 адам, алардын 6495и абакта отурат. (AKa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG