Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбектин) уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармалганын билдирди.
Атайын кызмат 15-ноябрда ал жеке кызыкчылыгы үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн такай пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келгени аныкталганын кабарлады. Тергөөдө Дамир Моңолдоров кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн жалдап жарандык активистти коркутуп, Өзгөн шаарынын мэринин ишин сынга алууну токтотууну жана жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырбоону талап кылганы аныкталган.
13-ноябрда УКМКнын кызматкерлери Дамир Моңолдоровдун кызматтык иш бөлмөсүн тинтип, өзүн жана активистти коркуткан адамдарды кармап, атайын кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына камакка алган.
Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу” беренеси менен тергелүүдө.
Дамир Моңолдоров Өзгөн шаарынын мэри болуп 2022-жылдын май айында дайындалган. Ал бул кызматка келгенге чейин “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими жана Балыкчы шаарынын мэри болгон.
Моңолдоровдун жакындары жана адвокаттары атайын кызматтын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.
9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. (BTo/DSh)
Дагы караңыз
Баяндама: Британия борборазиялык коррупциялашкан элитанын капитал чыгарган борборуна айланды Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев дүйнө салдыБУУ Израилдин Аш-Шифа ооруканасындагы рейдине тынчсыздануу билдирдиУКМК Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыялаганын билдирди "Камбар-Ата 1" ГЭСин курууга даярдык иш-чарасы өттүБыйыл Кыргызстанда 8 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук катталдыӨзгөндө жол кырсыгынан үч адам мүрт кетип, эки киши жаракат алдыОрусия Донецк облусундагы турак жайга сокку урду. Бир аял набыт болдуЭл аралык иш-чарадан улам Бишкекте башкы жолдордо чектөө киргизилет