Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:39

Эл аралык иш-чарадан улам Бишкекте башкы жолдордо чектөө киргизилет


КМШнын желеги.
КМШнын желеги.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги сессиясына байланыштуу 16-17-ноябрь күндөрү Бишкек шаарындагы башкы жолдордогу автоунаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) маалымдады.

Маалыматка ылайык, делегациялар өтүп жаткан кезде Фучик, Жибек Жолу, Манас проспектиси, Чыңгыз Айтматов, Байтик баатыр көчөлөрү автоунаа кыймылы үчүн убактылуу жабык болот.

ЖКККБ жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды буга түшүнүү менен мамиле кылууга, жол кыймылынын эрежесин так сактап, тыгындарды болтурбоого, унааларды аталган көчөлөргө токтотуп кетип калбоого чакырды.

Парламенттер аралык ассамблеянын алгачкы жыйыны 1992-жылы, сентябрда Бишкекте өткөн.

КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясыны жыйындары негизинен уюмдун Санкт-Петербург шаарындагы штаб-квартирасында өтөт. 2022-жылы жазында Алматыда, күзүндө Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG