Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Баяндама: Британия борборазиялык коррупциялашкан элитанын капитал чыгарган борборуна айланды


Британия парламентинин Тышкы иштер боюнча комитети 14-ноябрда Борбор Азия менен кызматташтык тууралуу баяндамасын жарыялады.

Анын авторлору аймактагы өлкөлөр менен ырааттуу, жогорку деңгээлдеги дипломатиялык карым-катышка чакырып, Британиянын финансылык кызматтары мыйзамсыз иштерде пайдаланылбайт деген кепилдик болууга тийиш экенин белгилешти.

Баяндамада британ өкмөт башчысы, министрлер Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өкмөттөрү менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетиши керектиги, бул геосаясий кырдаалдын талабына туура келери жазылган.

Комитет белгилегендей, Британия борбор азиялык коррупциялашкан элита үчүн аймактан капиталды алып чыгуунун негизги борборуна айланган.

Андан ары айтылгандай, Британияда финансылык кылмыштарды иликтеген агенттиктердин каражаттары алар тергеген бай адамдардыкынан алда канча аз. Андыктан өкмөт ошол мекемелерге көбүрөөк акча бөлүүгө тийиш.

Уурдалган мамлекеттик активдерди кайтаруу аракеттери, Борбор Азиядагы маңзат соодасы менен бийликтегилердин байланышы, ал соодадан түшкөн киреше Лондон аркылуу жөнөтүлүп турары айтылат.

Документте Орусиянын санкциялардан качканы, бул максатта регионду пайдаланганы, сөз болгон мамлекеттердин Москвадан экономикалык көз карандысыздыгын азайтуу үчүн алар менен иштешүү зарылдыгы белгиленет. Ошондой эле Орусиянын бурмаланган маалыматтары, Кытайдын ролунун артышы тууралуу да кеп козголот.

Chatham House 2022-жылы жарыялаган баяндамада 1998-2002-жылдар аралыгында Казакстанды башкарган адамдар падышалыкта 530 миллион фунт стерлингге (болжол менен 725 миллион долларга) 34 кыймылсыз мүлк сатып алганын жарыялаган.

Freedom For Eurasia уюмунун иликтөөчүлөрү Өзбекстандын тунгуч президентинин кызы Гүлнара Каримова камалганга чейин Британия, Швейцария, Франция, Дубайда жана Гонконгдо күмөндүү каражатка кеминде 14 кыймылсыз мүлк сатып алганын быйыл мартта реестрлерден казып чыккан.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиев Лондондун четиндеги кымбат делген райондордун бириндеги хансарайда жашары кабарланып келет. Ал хансарай 2010-жылы 3,5 миллион фунт стерлингге сатылып алынса, азыр анын баасы алда канча жогору экенин “Глобал Уитнестин” изилдөөчүлөрү белгилешкен.

Буга чейин Максим Бакиев Британиядагы өзү жашаган үйдүн таржымалы боюнча “Азаттыктын” кат жүзүндөгү суроолорун жоопсуз калтырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG