Ноокаттын акиминин кызматтык автоунаасы кырсыкка кабылды

Данир Иманалиевдин кырсыкка кабылган кызматтык автоунаасы.

Ош облусунун Ноокат районунун акими Данир Иманалиевдин кызматтык автоунаасы жол кырсыгына кабылды. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна райондун башчысы ырастады. Ал окуя учурунда кызматтык машинада өзү болбогонун айтып, айдоочусу жумуштан кийин автоунааны айдап кеткенин, териштирүү иштери башталганын билдирди.

Жол кырсыгы 15-ноябрга караган түнү таңкы саат төрт чамасында Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде болгон. Социалдык тармактын колдонуучусу Ноорузбек Абакиров окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялады.

Кызматтык машина жумуш убактысы аяктаган учурда да колдонулуп жатканы иликтениши керек деген пикирлер жазылууда.

Ушул жылдын февраль айында мамлекеттин эсебинен бардык район, шаар башчыларына Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылган. (DSh)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров өлкөдө Жогорку Кеңештин ролу маанилүү экенин айттыПрезидент Жапаров Жапонияга расмий сапар менен баратЦАХАЛ Газада ХАМАС көзөмөлдөгөн имараттарды басып алганын билдирдиБаткенде көмүрдүн тоннасы 7,5 миң сомдон өйдө сатылып жататБашаламандыкка чакырган деген шек менен Фейсбуктун дагы бир колдонуучусу кармалдыКөлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды