Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Президент Жапаров Жапонияга расмий сапар менен барат


Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрь күндөрү Жапонияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Өлкө башчы сапардын алкагында император Нарухито, Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, JICA – Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин жана бир катар ассоциациялардын жетекчилери менен жолугуп, эки тараптуу документтерге кол коёт.

Кыргызстанга бейөкмөт уюмдар аркылуу жардам берүүчү уюмдардын катарында Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JIСA) бар.

Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2000-жылы ачылган. Агенттик айыл чарба, социалдык инфратүзүм, жакырчылык менен күрөшүү, социалдык жана агрардык өнүгүү, саламаттык сактоо, мыйзамдык системаны реформалоо өңдүү нар бир кыргызстандыктын жашоосуна түз таасирин тийгизген ири долбоорлорду ишке ашырып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG