Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды

Кармалган шектүү. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 9-ноябрда маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалып, атайын кызматтын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 15-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, шектүү ушул тапта Жаза аткаруу кызматынын №8 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан адамдын буюрутмасы менен А.Э.А. аттуу кишини сабап 200 миң сом талап кылган. УКМК бул каражатты уюшкан кылмыштуу топтун абактагы мүчөлөрүнө берүү пландалганын кабарлады.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Газанын түштүгүндө гуманитардык абал оор Паранжыга, узун сакалга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду 14-ноябрда Украинанын бүткүл аймагында сирена жаңырдыИран: Эвин түрмөсүндөгү өрткө байланыштуу 40 кишиге айып тагылдыБишкекте убактылуу башкалка жайлары иштей баштады Экс-депутат Жаныбек Бакчиев камакка алынганы белгилүү болду