Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Экс-депутат Жаныбек Бакчиев камакка алынганы белгилүү болду


Жаныбек Бакчиев.
Жаныбек Бакчиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 25-октябрдагы чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынганы белгилүү болду.

Маалыматты райондук сот 14-ноябрда “Азаттыкка” ырастады.

Мекеменин билдирүүсүндө, сот атайын кызматтын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Жаныбек Бакчиевди 23-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Биринчи Май райондук соту Жаныбек Бакчиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренесинин 2-бөлүгү менен айып коюлганын тактады. Мындай кылмыш үчүн мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазасы каралган.

УКМК мурдагы депутат кайсы иш боюнча кармалганы тууралуу маалымат бере элек. Бакчиевдин жакындары, адвокаттарынан комментарий алууга мүмкүн боло элек.

56 жаштагы Жаныбек Бакчиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Бир Бол” фракциясынан депутат болгон. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматын 2009-жылы жана экинчи жолу 2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин башкарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG