Ош шаардык милициясы ири куралдуу каракчылыкка жана экстремизм-терроризмге шектелип 11 киши кармалганын бүгүн, 10-ноябрда кабарлады. Алардын 9у убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын үчөө мурда каракчылык жана террордук ишке көмөктөшүүгө шектүү катары издөөдө болгон. Кармалгандардын үйлөрүнөн куралдар, жарылуучу заттар, бронежилеттер жана ок-дарылар, араб тилиндеги китептер, дисктер алынган. Ош милициясы шектүүлөрдү кармоо учурундагы жана алардын үйүнөн табылган курал-жарактардын видео, сүрөттөрүн жарыялады.
Шаардык милиция кармалгандар быйыл апрель айында акча алмаштыруучу жайында болгон каракчылыкка катышкандар менен байланыштуу экенин билдирүүдө. Анда жабырлануучу жараат алып, 3,6 млн. сом материалдык зыян тарткан. "Бул кылмышты иликтөө учурунда жалпысынан 17 адам кармалып кылмыш жоопкерчилигине тартылган, анын ичинде 14ү эркек, 3өө аял. Алардан 13 адам камакта, 3 адам үй камагында, 1 адам кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүгү үчүн (Чүй облусунун аймагында) жок кылынган", - деп айтылат маалыматта.
Ош милициясынын маалыматына караганда, бул кылмыштуу топтун мурда жасалган жана даярдалып жаткан 29 кылмыш иши аныкталганын жана аларга тиешелүү болгон жарандарга издөө жарыяланган.
Учурда шаардык ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин улантууда. Алынган куралдардын жарактуулугун текшерүү үчүн атайын экспертизалар дайындалды. Кармалган 9 жарандын баш коргоо чарасы 10-ноябрда Ош шаардык сотунда каралат. (DSh/KE)
Дагы караңыз
Парижде 40тай мамлекеттин лидерлеринин катышуусунда “Бир планета” форуму өтүп жататЭмилбек Абдыкадыров Ысык-Көл облусуна жетекчи болуп бардыМурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Асел азыркы абалы тууралуу жаздыОрусиянын Мусулмандар дин башкармалыгы мигрантофобия боюнча тынчсыздануусун билдирди