Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:26

Эмилбек Абдыкадыров Ысык-Көл облусуна жетекчи болуп барды


Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

Ысык-Көл облусунда жетекчилик алмашты. Бүгүн 10-ноябрда президенттин жарлыгы менен анын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эмилбек Абдыкадыров дайындалды.

Абдыкадыров 2022-жылдын февралынан бери Бишкек шаарынын мэри болуп иштеп келип, өткөн аптада бошотулган.

Облустун буга чейинки жетекчиси Илияз Иманбетов бул кызматта былтыр 28-сентябрдан бери иштеди.

65 жаштагы Абдыкадыров 2021-жылы №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Ал 2020-жылы Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта логистикалык борбор куруу ниетин билдирген кытайлык ишкердин өнөктөшү болгон. Логистикалык борбор жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай калган.

Бишкек шаарында анын тушунда коомдук транспорттун реформасы башталды – автобустар үчүн алгачкы жолу өзүнчө тилке ачылып, жол кире накталай эмес формада да кабыл алынууда, коомчулукта нааразылык жаратып келген кичи автобустардын он чакты каттамы жоюлду.

XS
SM
MD
LG