Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Парижде 40тай мамлекеттин лидерлеринин катышуусунда “Бир планета” форуму өтүп жатат


Парижде өткөн “Бир планета” жыйынына катышып жаткан лидерлер. 10-ноябрь, 2023-жыл.
Парижде өткөн “Бир планета” жыйынына катышып жаткан лидерлер. 10-ноябрь, 2023-жыл.

Франциянын баш калаасында өтүп жаткан Париж тынчтык форумунун алкагында уюштурулган “Бир планета” деп аталган жыйынга кырктан ашуун мамлекеттин лидерлери, алдыңкы адистер жана эксперттер катышып жатат. Бул жыйынга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы барды.

8-ноябрда башталган бул иш-чара Франциянын демилгеси менен Дубайда өтө турган климат боюнча СОР28 эл аралык конференцияны утурлай уюштурулду.

Париждеги жыйындын соңунда кандайдыр бир расмий документтерге кол коюу жараяны каралган эмес. Форумдун соңку күнүндө Франциянын президенти Эммануэл Макрон Арктикадагы муздарды сактоо боюнча Париж демилгесин көтөрөрү күтүлүүдө.

Ал эми Арктикадагы аймактарга ээлик кылган сегиз мамлекеттин бири Орусия Украинага согуш ачканы үчүн бул саммитке чакырылган эмес. Согуштун айынан Москва Арктикалык кеңештин курамынан да чыгып калган.

Борбор Азиянын беш өлкөсү эл аралык платформаларда климаттын өзгөрүүсүнүн мөңгүлөргө жана суу ресурстарына тийгизген таасири боюнча бир позицияны билдирип жүрөт.

Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% чейин азайган. Эгер абанын ысыганы токтобосо Кыргызстан жакынкы 50 жылда майда мөңгүлөрүнөн кол жуушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG