Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 9-ноябрда орус аскерлри өткөн суткада жарандык эки жайга ракетадан сокку урганын билдирди. Днепропетровск облусунун башчысы Сергей Лысак Днепр районунда орусиялык ракета жок кылынганын билдирди.
Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун украин кызматы жазды.
Cиреналар Днепропетровск, Кировоград, Херсон жана Николаев облустарында жаңырып турганы маалымдалды.
Бир күн мурда Украинанын чыгышында орусиялыктардын чабуулунан беш жайкын тургун каза болгон. Орус армиясы кошуна өлкөнүн шаар-кыштактарын дрондордон, ракеталардан жана артиллериядан аткылап келет. Бирок көптөгөн далилдерге карабай, Москва аскердик гана жайларды бутага алганын айтууда.
Ал арада Одессадагы сот Херсон шаарынын мурдагы жетекчиси Владимир Салдону 15 жылга сыртанан эркинен ажыратты. Ал мамлекеттик чыккынчылык, душман менен кызматташуу жана Орусиянын кол салуусун актоо үчүн айыптуу деп табылды.
Былтыр Салдо Украинага басып кирген орусиялык аскерлердин тарабына өткөн. Москва аны “Орусиянын курамынагы Херсон облусунун губернатору” деп атайт.
Киев жана дүйнө коомчулугу украин аймактарынын аннексиясын тааныбайт.
Дагы караңыз
Бишкектин соту Тимур Файзиевди 9-декабрга чейин камакта калтырды Садыр Жапаров Газадагы согуш аракеттерин токтотууга чакырдыКыргызстанда ажылык зыяратка каттоо башталды