Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

Бишкектин соту Тимур Файзиевди 9-декабрга чейин камакта калтырды


Тимур Файзиев.
Тимур Файзиев.

Бишкек шаардык соту “Элитхаус” курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевди 9-декабрга чейин камакта калтырган райондук соттун чечимин колдоду. Бул тууралуу 9-ноябрда “Азаттыкка” Бишкек сотунан билдиришти. Сот бул ишти 24-октябрда караган.

9-октябрда кармалган Файзиевге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу) негизинде айып такканы белгилүү болгон.

10-октябрда бир катар басылмалар Файзиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу кармалганын жазып чыгышкан.

4-октябрда УКМК Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган.

9-октябрда УКМК Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Файзиев менен катар ушул эле айыптын негизинде “Авангард Стиль” курулуш компаниясынын жетекчиси Эрнис Миңкеев жана “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов да кармалып, Бишкектеги тергөө абагында (СИЗО-1) камалган.

Акматовдун бөгөт чарасын Октябрь райондук соту 30-октябрда карап, аны 4-январга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган.

Миңкеев туруктуу жашаган жеринен башка жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде тергөө абагынан бошотулганын бүгүн 9-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту билдирди.(RK)

XS
SM
MD
LG