Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:27

Садыр Жапаров Газадагы согуш аракеттерин токтотууга чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Ташкент шаарында өтүп жаткан саммитинде Газа тилкесиндеги согуш аракеттерин токтотууга жана сүйлөшүү процесстерин баштоого чакырды.

“Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске көңүлүбүз ооруп, зээнибиз кейип, байкап отурабыз. Биз тараптарды курмандыктарды жана жайкын тургундарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырабыз”, - деди Садыр Жапаров.

Президент андан тышкары Ооганстан элине гуманитардык жардам көрсөтүү жана ал өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү үчүн интеграциялык экономикалык жана гуманитардык долбоорлорду улантуу маанилүү экенин белгиледи.

9-ноябрда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммити өтүүдө. Ага уюмга мүчө мамлекеттер Азербайжан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстандын президенттери, Казакстан, Пакистандын өкмөт башчылары катышып жатат.

Уюмдун буга чейинки жыйыны 2021-жылы Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда өткөн. Экономикалык кызматташуу уюмун 1985-жылы Иран, Пакистан жана Түркия түзгөн. Анын баш кеңсеси Тегеранда жайгашкан.

Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан бул уюмга 1992-жылдан бери мүчө.

XS
SM
MD
LG