Орусиянын Ички иштер министрлиги жакында Москванын аэропортторунда мигранттардан дактилоскопия (бармак издерин алуу) жана сүрөткө түшүрүү иштерин жүргүзө баштайт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги министрликтин Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казаковага шилтеме жасап жазды.
"Азырынча, тилекке каршы, чек араларда дактилоскопия иши жүргүзүлбөйт. Бирок Москва бийлигинин сунушу менен биз жакында бул жараянды баштайбыз деп ойлойм. Ошондо гана маалыматтарын өзгөртүп келгендер Орусиянын аймагына кире албай калат", - деди Казакова.
Ал Орусияга кирген эмгек мигранттары 2021-жылдын соңунан бери милдеттүү түрдө манжа издерин тапшырып, медициналык кароодон өтүшү керек экенин эске салып, мунун жыйынтыгында эки миңден ашуун кылмыш иштин бети ачылганын кошумчалады.
2021-жылдын 29-декабрына тарта үч айдан ашуун убакытка келген чет элдиктер бармак изин тапшырып, баңгиликке берилбегенин, инфекция жок экенин, ВИЧ менен оорубаганын ырасташы керек.
Дагы караңыз
Аалымдар кеңеши Палестинадагы жихадга чакырбоону эскертти Reuters: Путин бийликте 2030-жылга чейин калууну көздөйтБУУ менен ДССУ Газадагы ок атышууну чукул токтотууга чакырды