Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:26

Аалымдар кеңеши Палестинадагы жихадга чакырбоону эскертти


Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү. Муфтият тараткан сүрөт.
Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү. Муфтият тараткан сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши Израил менен ХАМАС радикал тобунун согушуна байланыштуу билдирүү таратты.

Анда Израилдин Газа тилкесиндеги карапайым калкка жасаган аракеттери "адамзатка каршы кылмыш" деп аталган. Ошол эле маалда аталган кеңеш ал жакка "жихадга" баруу шарыят эрежелерине сыйбасын" эскерткен. Палестинадагы элге материалдык жардам көрсөтүүнү колдой турганы жазылган.

"Бул кайгы бир гана палестиналыктардын эмес, бүт дүйнөдөгү мусулмандардын кайгысы болууда. Болуп жаткан согуштун ырайымсыздыгын дүйнө эли айыптап, тезирээк токтотууну талап кылууда. Кыргызстан географиялык жактан алыс жайгашканыбызга байланыштуу, моралдык жана материалдык жардам берүүнү туура деп чечтик. Ошондуктан эл чогулган жерлерде, мечит-медреселерде, жума намазга келген жамааттар менен, жадагалса ар бир мусулмандын жеке ибадаттарында Палестинанын эли үчүн дуба кылууга чакырабыз. Материалдык жардам көрсөтүү шариятыбыздын учурдагы абалга карата мойнубузга жүктөгөн талабы болуп саналат. Каргашалуу согушка байланыштуу соцтармактарда ар кандай чакырыктар жайылып жатат. Аталган чакырыктарды аалымдарыбыз иликтеп чыкты. Жыйынтыгында мусулман бир туугандарыбызга болгон жардамыбыз руханий жана материалдык болууга тийиш деген бүтүмгө келдик. Ошондуктан эмоциялык сезимдерге алдырып, жеке же кандайдыр бир уюшкан топтор менен бирге жихад деген ниетте Палестинага баруу шарияттык эрежелерге сыйбайт деп эсептейбиз",- деп жазылган маалыматта.

Өткөн аптада Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жарандарга кайрылып, Израил менен Газа тилкесиндеги жаңжалга байланыштуу жихад жарыялоо өңдүү чагымчыл билдирүүлөрдү таратпоого чакырган. Башка мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышка катышып, террордук даярдыктан өткөндөргө мыйзам чегинде жаза каралганын эскерткен.

Өткөн айда Бишкекте Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоогон акциялар өткөн. Чогулгандар аларга жардам берүү үчүн атайын эсеп ачуу демилгесин көтөрүшкөн.

Анын алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израил менен Газа секторундагы топтордун кармашы курчуп кеткенине байланыштуу билдирүү таратып, эки тарапты ынтымакка келүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG