Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:34

БУУ менен ДССУ Газадагы ок атышууну чукул токтотууга чакырды


Газа тилкеси.
Газа тилкеси.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ири агенттиктеринин башчылары жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) биргелешкен кайрылуу жасап, Газа тилкесиндеги ок атышууну чукул токтотууга чакырды.

Анда ХАМАС радикал тобунун кол салуусунан Израилдин 1400дөн ашык жараны мерт болгонун, дагы 200дөн көп адам туткунда экени белгилеген. Ошол эле маалда Газада 9,5 миңдей адам өлгөнү жазылган. Учурда 2,2 миллиондой палестиналык дары-дармек, тамак-ашка муктаж болуп жатканы, алардын 1,5 миллионго жакыны жер которууга аргасыз болгону айтылып, ок атышууну чукул токтотууга чакырган.

"Дээрлик бир айдан бери дүйнөлүк коомчулук Израил менен оккупацияланган Палестина аймагындагы окуяларга байкоо салып, курмандыктардын тынбай көбөйүп жатканына кабатырланып, нес болуп жатат. Биз тараптарга дагы бир жолу кайрылып, эл аралык гуманитардык укуктун жана адам укугу жаатындагы нормаларга ылайык алган бардык милдеттемелерди аткарууга чакырабыз. Биз туткундагы жайкын тургундарды чукул жана эч кандай шартсыз бошотууга чакырабыз. Ок атышууну токтотуу зарыл. 30 күн өттү. Бул чукул токтошу керек",-деп жазылган билдирүүдө.

Мунун алдында Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху ХАМАС тобу барымтага алган 240тан ашуун киши бошотулмайынча, Газаны аткылоо токтобосун билдирген жана "гуманитардык тыныгуу" жарыялоо чакырыктарын четке каккан.

5-ноябрда Катардагы жолугушуулардан кийин Франциянын тышкы иштер министри Катрин Колонна Газа тилкесине урулган соккуларда өтө көп киши каза болуп жатканын билдирген. Министр мектеп, оорукана, гуманитардык кызматкерлер менен журналисттерди коргоо зарылдыгын белгилеген.

Израилдин бийлиги ХАМАС тобуна каршы согушканын, анын жоочулару жайкын тургундарды тирүү калкан кылып пайдаланганын айтып келет.

Ишембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Амманда Катар, Сауд Арабиясы, Египет, Иордания жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрлери менен кездешкен. Араб дүйнөсүнүн өкүлдөрү Вашингтонду Израилди ок атышууну токтотууга көндүрүүгө чакырышты. Бирок Блинкен жарашуу ХАМАСка пайда алып келерин, алар кайра топтошуп, кайрадан кол саларын айтып, андай демилгени четке какты. Ошол эле маалда АКШнын башкы дипломаты гуманитардык тыныгуу тынч адамдардын өмүрлөрүн сактап калууга, Газага көбүрөөк жардам жеткирүүгө шарт түзмөк деп айтты.

Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Иордан дарыясынын батыш жээгине алдын ала жарыяланбаган сапар менен барды. Рамаллада Палестин автономиясынын төрагасы Махмуд Аббас менен кездешкени кабарланды. Аббастын басма сөз катчысы "Рейтерстин" кабарчысына билдиргендей, төрага ок атуу дароо токтоого тийиш жана гуманитардык жардамга Газага кирүүгө уруксат бериш керек деп айтты.

XS
SM
MD
LG